Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев страница 10

Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев

Скачать книгу

болчу. Азоо эшек эле, өз кожоюнунан башканы жанына жууткусу келчү эмес, мөңкүп, кажырлуу киши болсо да оодарып түшмөйүн жоошучу эмес.

      Атамдын улуу агасы Шабдан чоң атаны терең урматтачубуз. Жайкалган ак сакалы, салмактуу басыгы сөөлөттүү эле. Кечкурун оокат-тиричилик тууралуу же өткөнкеткенден жай баракат кеп салып бергенин чоң кызыгуу менен укчубуз. Ал мага экрандагы Бухара эмиратын баяндаган кино тасмадан түшө калган жогорку даражалуу төрөнү элестетчү. Менин элестөөмдү анын өңү-түсү кубаттап турар эле. Уулу, апам менен жашташ Төлбашы райондун борборуна салган үйүн бизге узакка созулган үч жылга чейин, атам айыкканча берип турду. Кожомжар атанын кичүү иниси Ку-лаш аке жүк машина айдачу. Ал кезде Нарын аркылуу өткөн көпүрө жөнүндө кыялданчу да эмеспиз. Капчыгай аркылуу өткөн дарыяны бойлото жол салуудан башка айла жок эле. Айдоочулар Жалал-Абаддан Токтогулга ошол жол менен өтүшчү. Кулаш аке ошол жол тууралуу ар кандай коркунучтуу окуяларды айтып берчү. Дарыянын ар бир кайрылышы Нарынга кирип бараткан машиналар менен эсте калган.

      Акем узун бойлуу, кадимкиден башкача күчтүү, шайдоот, тамашакөй адам эле. Эски жолдо каттаганда аман жүрүп, жаңы жолдогу жол кырсыгынан оңоло албай көз жумду.

      Атамдын кичүү карындашы Мейлихан апа күйөөсү, эки баласы менен Ошко жакын Жапалак айылында жашачу. Бири-бирибиздикине конокко көп барар элек, туугандардын ичинен алар менен байланышыбыз тыгыз эле. Ал аябай сарамжал, ак көңүл аял болгон. Акча тартышта дайыма аларга кайрылчубуз. Ата-энебиздин мууну согуштан кийинки оор жылдарда, чарбачылыктын калыбына келүү жылдарында жашады. Жоготуулар жана каатчылык аларда сыймыктанганга татыган сапаттарды калыптандырды: кайраттуулук, өзүн курман кылууга даяр болууга, тилектештик. Ошол окуялардын күбөлөрүнүн көбү азыр арабызда жок. Согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки жылдардагы балдар алардын эскерүүлөрүн угуп үлгүрүп калышты. 50-жылдар-дын акырында Хруөевдин өкмөтү мөмөлүү бактарга салык салып, шаарларда жана жумушчулардын айылдарында мал, үй канаттууларын бакканга тыюу салганда каатчылык күчөдү. Бул иш-чаралар кайгылуу аяктады: бактар жапырт кыйылып, малдын баары союлду. Чакан чарбабыздын жардамысыз калдык. Сойгонго болбой турган мал айдап чыгарылды. Эшектердин үйүр-үйүр болуп көчөлөрдө, жакынкы талаалдарда каңгып жүргөнү көңүл чөгүү, жоготуу жана кайгыны туюнтуп турду. Башында алар ээлерин кайгыга салып, короолоруна кайтып келип жүрүштү. Алардын көнгөн орундарына кабыл алынбай, дарбазанын жанында мүңкүрөп тургандары жалпыга керексиздиктин, ташталгандыктын жана өкүнүчтүн күүсүн салып турду.

      Айланабыздагы мал баккан туугандарыбыз менен мамилелешүүдө биз элибиздин улуттук салтын терең тааныдык. Аны менен бирге бийликтин терс тажрыйбасынын, эң жаман иштеринин элге таасирин көрүп-билдик. Күн кыскара баштады. Жайлоодогу күндөрүбүз соңуна жакындап, кете турган мезгил да жакындап келатты. Бат-баттан күн жашынып, тоо чокуларынан кара булуттар жылып келип, өрөөндө шамал удургуй баштады. Шамал аба

Скачать книгу