Токол. Айгүл ШАРШЕН
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Токол - Айгүл ШАРШЕН страница 5
– Атамдарга айтамын, көрөсүң го алар аябай кубанышат, күз келди эми экөөбүз бирге болобуз.
– Ошондой болсун, жүзүм карайбаса болду.
– Коркпо алтыным, сени жер каратпайм, – деп Жамийланы өз үйүнө узатып анан үйүнө келди, Турдукан кир жууп жаткан, Сагынбек жок болчу, өз бөлмөсүнө кирип атасы келгенче күтмөк болгон Туратты Турдукан токтотту:
– Ай бала кайда жүрөсүң ыя?
– Менин кайда жүргөнүм кимди кызыктырат?
– Мени менен акыйнек айтышпай жөн сүйлө.
– Атам келгиче жата турайын, – деп Турат кирип кетти, анын бул кылганы өзүн тоготпогондой сезген Турдукан артынан кирди:
– Бу сен качан адам болосуң ыя?
– Айбан болсом кечип таштагыла да.
– Оң сүйлөбөй калдың го, деги башыңды такыр айлантып койгон окшойт? – деп кыжыры келе жатып алган баласынын үстүндөгү одеалды сыйрып ыргытты, – Тур деп жатам, же мени угасың, же ошол аракечтин кызын угасың!
– Мама…
– Болду сүйлөбө, мен сенин энеңмин, мен айткандай болушу керек!
– Андан көрө бул үйдө сага орун жок дегениңиз оң болмок.
– Ооба, Жамийла дей берсең сага орун жок!
– Болуптур, – деп жиндене чыгып бара жатып атасы менен беттеше түштү, – Ата…
– Эмне болду уулум?
– Эчтеке, – Үйдөн чыгып эшиктин алдында басып жүрдү, ичтен ата-энесинин үндөрү угулуп турду:
– Туку, баланы тим койсоңчу.
– Болбойт, мен баламдын тагдырын кайдагы бирөөгө тапшыра албайм, андай эле үйлөнө турган болсо мен өзүм кыз таап алып берем, – Турдукан өз билгенин кое бербей жатты.
– Баланы кыйнап алган жокпузбу?
– Кыйналбайт, балалык кылып жатат, али бала эмеспи.
– Деги жакшылык менен бүтсө болду, – Сагынбек отуруп алып ойлонуп калды, Турат алардын сөзүн угуп ызалана дарбазадан чыгып кетти: “Мени бала дешет тура, көрсөтөм силерге, мен эми Жамийланы үйгө алып келем”, – деп жолугушчу жерине барса кыз келе элек экен, саамга күтүп турган соң келип калды.
– Көпкө күттүрүп койдумбу? – Кыз ажарлуу жылмайды.
– Эчтеке эмес, сени өмүр бою күтүүгө даярмын.
– Чынбы, ошончолук сүйөсүңбү? – Экөө кучакташып өбүшүп турду, айлананы караңгылык каптай баштаган, Турат дароо кызды кучактаган колдорун бошотуп жүзүнө тике карады.
– Менин кандай сүйгөнүмдү сен кайдан билесиң, жүрү азыр үйгө барабыз, – деп колдон алды:
– Турат, эмне деп жатасың?
– Мен айткан соң аный дебе, – Болбой колунан тартты.
– Турат, алар мени кабыл алышпасачы?
– Алат, эгерде кабыл алышпаса биз башка жакка кетебиз.
– Кайда барабыз?
– Сен мени сүйөсүңбү? – Турат ага кайра тигиле карап калды.
– Ооба,