Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 29

Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров

Скачать книгу

анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.

      Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.

      – Кайсы тараптан келдиңиз эле?

      – Анжияндык кыргыз кызымын.

      – Урууңуз кайсы?

      –Карабагыш уруусунанмын.

      – Тилиңиз өзбекке жакын го.

      – Бизде өзбектер менен кыргыздар аралаш жашайт.

      – Быякка кандайча жол менен келдиңиз эле?

      – Бул жерде Алимжан агам бар. Хандын багын тейлеген эң мыкты адам. Мен ошону менен бир келгем.

      – Ата-тегиңиз эмне иш иштейт.

      – Дыйканчылык эгин эгип, суу сугарат.

      Ошентип ар дайым кечте Тагай бий Зулайка менен жолугуп жүрдү. Акыры Зулайка да Тагай бийди жактырып калды. Бий үйлөнүү жөнүндө ханга өтүнүчүн айтты. Хан бийдин өтүнүчүн жактыруу менен кабыл алды. Экөө үйлөндү. Зулайка өтө боорукер, назик, эмгекчил ургаачы эмеспи. Ал экөө бир канча жыл жакшы жашады Бирок Тагай бийдин санаасында бир нерсе кетпей турду. Ал турак жайын ата-журтун туулган жерин сагынды. Эли журтум эмне болду?

Скачать книгу