Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп. Comment Department of People's Daily

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - Comment Department of People's Daily страница 37

Жанр:
Серия:
Издательство:
Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - Comment Department of People's Daily

Скачать книгу

феодалдык доордун этикасына жана моралына таянып, «Жүрөк жөнүндө окуусун» – руханий-адептик жактан өзүн-өзү өркүндөтүү, чындыкка, ой тазалыгына тарбиялоо, максатты түшүнүү жана жашоодо өз ордун табуу жөнүндөгү окууну түзүшкөн. Өз кезегинде партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунда» идеологиялык тарбиялоого, марксизмдин принциптеринин негизинде инсанды калыптандырууга көңүл бурулган. Эгерде партиялык кызматкердин «Жүрөк жөнүндө окуусун» түшүнүүсү канааттандырарлык эмес болсо, ынанымдардын кебелбестигине доо кетирип, принциптерден чегинүү, натыйжада душмандын курчоосунда «багынуу» жолуна түшүү тандалып алынат. Мына ушундан улам партиялык башкаруунун ар тараптуу катаалдыгы тартипти катуу сактоону жана «кызыл сызыкты» сактоону гана эмес, нормаларга жана тыюу салууларга көңул бурууну да талап кылат. Партиялык катаалдуулук көбүрөөк даражада партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунун» негизинде жекече өркүндөтүүгө, партия мүчөлөрүнүн «адам» жөнүндөгү принципти негиз катары жана «жүрөктү» ачкыч катары түшүнүүсүнө, моралдык сапаттарды чыңдоого багытталган жана идеалдарга берилгендикке каратылган.

      ОРИГИНАЛ

      Чыныгы жолдун кудуретинин үнү табияттын бардык үндөрүнөн күчтүүрөөк, бирок адамдын жүрөгүндө жашап жаткан бул коркок нурлар күчтүн жаркыраган нурун ачуусу үчүн өжөрлүк жана аракет керек. Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.

      Феникс менен оттуу куш өзү үчүн карагайдын кургак бутактарын тандабайт. Асмандык рух жан дүйнөсү таза жана асманга ачык болгондорго түшөт.

      Жүрөгүмдүн үнүн угуп, укпай калам дүйнөнүн ызы-чуусун. Жоктукта мен жолдун чындыгына ишенимдүү бойдон калам, жашоодо менин рухум бекерчиликтен эркин.

      Ушундай жол менен гана океандарды батышты көздөй агызууга жана күндү чыгыштан кайра чыгууга бурганга окшош күчкө толууга болот.

      Гун Цзычжэнь, «Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» (биринчи ыр)

      КОММЕНТАРИЙ

      «Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» – Цин доорунун аягындагы прогрессивдүү ойчул Гун Цзычжэнь жараткан Тан акындарынын классикалык стилиндеги поэтикалык чыгарма. «Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз чыгарманын биринчи сабынан алынып, акындын «жүрөк күчү» түшүнүгүнө берилгендигин толук чагылдырат. Ырдын өзөгү сырткы дүйнөнүн кийлигишүүсүн жеңүүгө рухтун күчү жетет деген ойду ачык баяндайт.

      «Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз, эгер адам өз жанын башкара албаса, объективдүү чындыкка баш ийе албайт дегенди билдирет. 1822—1823-жылдардагы башка ырлар жыйнагында «Жэнь жылынан Гуэй жылына чейин пайда болгон ойлор жана байкоолордун жыйнагы» деген ырлар жыйнагында Гун Цзычжендин төмөнкүдөй сөздөрү бар: «Жүрөк күчү жок адамдар карапайым адамдар. Чоң өч алуу, чоң оорудан айыгуу, чоң тоскоолдукту жеңүү, чоң планды аткаруу үчүн жүрөктүн күчү

Скачать книгу