Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп. Comment Department of People's Daily
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - Comment Department of People's Daily страница 8
Ван Чун, «Лунь Хэн» трактаты («Пикирлерди таразалоо»), «Шу Цзе» бөлүмү («Китептер жөнүндө түшүндүрмө»)
КОММЕНТАРИЙ
«Жамгыр учурунда үйдүн чатырынан суу агып кеткендигин билүү үчүн үйдүн чатырынын астында болуу керек. Мамлекеттик бийликтин кемчиликтерин билүү үчүн айыл талаасында элдин арасында болуш керек» деген сөздөр Чыгыш Хань доорунун философу Ван Чуңдун «Лунь Хэн» («Пикирлерди таразалоо») эмгегинде айтылган. Ван Чун тирүү кезинде бүт күчү менен диний мистикага жана теологизмге каршы чыгып, материализмдин алгачкы теориясын иштеп чыккан.
Ван Чун өзү жөнүндө ушундай дейт: «Мени жалган жазуулар жана негизсиз жазуулар капалантырат, ошондуктан «Лунь хэн» китебин жараттым». Ван Чун «Адам менен жогорку табигый күчтөрдүн өз ара аракети» концепциясын, апокрифтик жана төлгөөчү китептерди жана ырым-жырымдарды сынга алган сынчы болгон. Ал өз кезегинде «Илимдерди түшүнүүгө негизделген билим» жана «Чындыкты аныктоо үчүн угуу жана көрүүгө таянуу зарылчылыгы» теориясын алдыга койгон. Ван Чундун айтымында, «Жамгыр жааганда үйдүн чатырынан суу агып жатканын билүү үчүн үйдүн чатырынын астында болуш керек. Мамлекеттик бийликтин кемчиликтерин билүү үчүн айыл талаасында элдин арасында болуш керек. Канондук китептердеги каталарды билүү үчүн байыркы замандын улуу акылмандарынын эмгектерине кайрылуу керек». «Айыл талаасы» деген сөз карапайым элдин борборун билдирет. Демек, бул үйдүн жашоочулары жаан жааганда үйдүн чатыры агып кетээрин жакшы билишет; Бийлик саясатынын кемчиликтерин айтууга карапайым эл гана укуктуу; Канондук китептердин каталары байыркы замандын улуу даанышмандарынын чыгармаларын окуганда айкын көрүнүп турат.
Элдин колдоосуна ээ болсоң, мамлекетке ээ болосуң, элдин колдоосунан айрылсаң мамлекеттен ажырайсың.
Цитата «ККПнын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу заседаниеде сүйлөнгөн сөздө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШУНДҮРМӨ
«Эл» кытайлык коммунисттер үчүн ар дайым эн маанилүү сөз болуп кала берет. Акыркы 90 жылдын ичинде партия салттуу түрдө