Сүртүмдөр. Ырлар. Марат Шейшекеевич Токоев

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Шейшекеевич Токоев страница

Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Шейшекеевич Токоев

Скачать книгу

p>

      СҮРТҮМДӨР

      Анткени

      Ырларымдан издебе Гармонияны.

      Табыш кыйын, оор аны.

      Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда

      Бийлик кылат душманы «Дис-»1

      Ооруган тиш

      Бийлик кылгандай ойлоруңа:

      «Зырп» этсе, шамал кулу жалбырактай

      Чачылат ойлоруң ар-тарапка.

      Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм

      Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.

      Анткени жапайы да, азоо да

      Ыйлатып, термелткен теректи

      Куюн да керектир,

      Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:

      Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө

      Багындыртбас акын – АНТИ мүнүшкөр.

30.12.1995

      «Күн алдында көз карыткан аппак жер…»

      Күн алдында көз карыткан аппак жер

      Жаңы жылга белек сымал Кудайдан.

      Ак белектин күзөтчүсү тентек жел

      Ойногондой мени менен жашынмак

      «Мен мындамын, эй!», – дегенсип бутактан

      Күбүп кетти бубак карды башыма.

      Кыймылдабай, ушул карды жамынып,

      Окшоштурам өзүмдү бир даракка

      Табигатка сезгим келип жакындык.

      Бекер үмүт. Чоочун бойдон калдым мен —

      Ортодогу көрүнбөгөн жарака

      Азиз жанга аттап өткүс чоң экен.

26—27.12.1994

      «Улам-улам жолду карайм…»

      Улам-улам жолду карайм.

      Көрүнбөйбү бир караан?

      Кимди күтөм? Өзүм билбейм.

      Өзүмдү өзүм алдап келем.

      Үмүт менен жашап келем.

      Неге күтөм? Өзүм билбейм.

      «Эмне» эмеспи «Ким» дегеним?

      Чын элеби деги менин

      Күткөнүм бул? Өзүм билбейм.

01.02.1997

      Көлчүктөр

      Асмандын үзүктөрү

      Караарып жерде жатат.

      Күзгү болуп күздүн өртүн

      Чагылтуудан катуу тажап.

      Эмнеге ал умтулду

      Жаан болуп төгүлүүгө?

      Тапканы – адам буту

      Санаа салган көңүлүнө.

      Кайра эңсейт көк асманды,

      Жашоосун жыргал, эркин.

      Ызасынан бычыратты

      Чагылышын ак теректин

11.11.1994—01.2009

      «Тирлик менен жерге бекем байланган…»

      Тирлик менен жерге бекем байланган,

      Ойду жанчып, кишендеген капаста,

      Жалынгандай тиктеп чексиз асманга

      Булуттардын оюнуна арбалам.

      Бул учурда келбейт менин эстегим

      (Керек сөзсүз бир нерсеге ишенүү)

      Булут дагы эркин эмес, кишендүү,

      Көрүнбөгөн желдин кулу экенин.

      «Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң…»

      Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң

      Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.

      А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.

      Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

      Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.

      Сен караба, менин адам кейпиме.

      Чыгаралбай эч ким укпас бугумду

      Сендей гана жалдыраган итмин мен.

      Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.

      Орусча айтсам: «Будет вместе веселей».

      Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,

      Сен да мага ишенбейсиң кенедей.

05.1997

      «Күндүн нуру ойногон…»

      Күндүн нуру ойногон

      Көктө калкыйт булуттар,

      Кайталангыс көрүнүш

      Көз ирмемге жаратып,

      Жаралантып жүрөгүн

      Сүрөтчүнүн, акындын,

      Жан умтулуп жетпеген

      Сулуулукка чакырып.

      Ал чакырык арбаган

      Акын тынчтык унутат,

      Асып коюп бактысын

      Асмандагы булутка.

      «Асман бетинде сейилде…»

      Асман бетинде сейилде

      Ай орогуна илинип

      Араң бошонду ак булут.

      Эркин жашоодо билбеген

      Эмне экени буулугуу

      Болгон

Скачать книгу


<p>1</p>

(гректин dys, латындын dis деген сөздөрүнөн) кыйналууну, бузулууну, бөлүнүүнү, жоготууну билдирген сөз алдына келүүчү сөз бөлүгү (мисалы, диссоциация, дисгармония, диспропорция, дизурия).