Сүртүмдөр. Ырлар. Марат Шейшекеевич Токоев

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Шейшекеевич Токоев страница 2

Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Шейшекеевич Токоев

Скачать книгу

жүрөк күн суугун сезеби?

29.04.1993—06.10.1999

      «Тарыхтын кумдан барагы…»

      Тарыхтын кумдан барагы

      Толтура түркүн издерге.

      Менин да изим калабы

      Бетинде анын бир кезде?

      Бирок да шамал-убакыт

      Эч кимге билбейт аёону.

      Эрмекке жаңы кубанып

      Изиме салар ойронду.

      Жалгыздык

      Басёнун каргасындай жалгыздык

      Шоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,

      Жылаңач бутактары каржайып,

      Суналган суз асмандын алдында.

      Жымжырттык. Кээде гана угулат

      Шамалдын үшкүргөнү кайгылуу,

      Оодарып жалбырактар барагын

      Ачкандай жок экенин кайрылуу.

      Кайрылуу эсил кайран күндөргө

      Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.

      А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм

      Башканын жалынына жалдырайт.

      Басёнун каргасындай жалгыздык

      Шоңшойот жан дүйнөмдун багында,

      Жылаңач бутактары каржайып,

      Суналган суз асмандын алдында.

      Короодо өскөн жалгыз даракка

      Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,

      Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.

      Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей —

      Эч бир жан жок бул капастан куткараар.

      Курчоосунда муздак бетон дубалдын

      Элестеткен тунжуроонун эзүүсүн

      Жалгыздыктын символунун өзүсүң

      Катып калган тиктеп бетин асмандын.

      Күз таңы

      Кеч күздүн муздак таңы.

      Бүрүшүп жатат дүйнө.

      Ак кыроо айлананы

      Камакка алган түндө.

      Бир гана жалбырактын

      Отуна алы жетпейт.

      Ар жерде ак барактын

      Бетинен жалын тиктейт.

30.10.1992

      «Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин…»

      Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин

      Убакыттын кыйырсыз мейкиндигине.

      Бул дүйнөдө ушунчалык жашап келгеним

      Араң жарайт бир гана «Чулп» эткенине.

      «Итке сөөктү ыргыткандай жардамың…»

      Итке сөөктү ыргыткандай жардамың

      Алайын деп араң барып кармандым.

      Катаал турмуш туюк бурчка такаган,

      Кечир мени, ит эмесмин – адаммын.

      «Ойлорум – көпөлөктүн көлөкөсү…»

      Ойлорум – көпөлөктүн көлөкөсү,

      Жалыны шам чырактын.

      Үлбүрөк көрөңгөсү,

      Тууганы жакын – закым.

      Кенедей тирлик жели

      Бороондой алыс, алыс

      Сындырып чачат жеңил

      Көксөөсүн анын алсыз

      Улуулукту,

      Аруулукту…

      «Итти көрдүм…»

      Итти көрдүм

      Өлүп жаткан көчөдө.

      Жансыз көздөрү

      Өткөндөрдүн

      Этектеринен тарткылап

      Сурагансыйт аянычтуу:

      «Токточу, айтчы,

      Бул өлүмбү?»

      Жабык бирок

      Жан-дүйнөгө эшиктер.

      Кайдыгер,

      Жийиркенген

Скачать книгу