Мезгил ажырымы. Алтын Иниятовна

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Мезгил ажырымы - Алтын Иниятовна страница 2

Мезгил ажырымы - Алтын Иниятовна

Скачать книгу

style="font-size:15px;">      Руслан иштесе ишке, аш десе ашка тойбой турган жигиттик доорунда, үй бүлөдөн же иштеген иштен жок колоктоп басып жүрүп, жашы отуздан ашыптыр. Ата-энеси кулагынын кужурун койбой сырттан окуу бөлүмүно тапшыртып акча-тыйын берип, эптеп экономист кесибинин дипломун алып беришкен. Бирок Руслан ал кесипте бир күн да иштеп көргөн жок. Руслан өзү техникага абдан кызыгаар эле. Өспүрүм кезинде машина куруу боюнча теле-берүү болобу, же журналдардан болобу, айтор машинага байланыштуу материал көрүп калса эле жантыгынан жата калчу. Бирок, ата-эне баласы үчүн чечим чыгарышкан. «Койчу кайдагыны айтпай, бизде машине чыгарган завод жок болсо, каяка барып иштемек элең?!» деген ата-эненин чолок акылы баланын кызыгуусун биротоло өчүрүп, бала умтулган таттуу кыялы жок жүрүп бой тартып, мына минтип тамаша-чынын аралаштырып сүйлөгөн ажыкыз жигитке айланган. Аттиң десең, ар бир үй бүлөдө ар бир баласынын кызыгуусун байкап, бала өзү тандаган багытына макул болуп, аз да болсо шыктандырган ата-энелер көп болсо кана. Жок, тескеричинче, баары эле балам кара папке көтөрүп, ак көйнөк кийип тез эле жетекчи боло калат деп кыялданышат окшойт.

      Руслан Ырыстын үйүнөн чыкты да эч ойлонбостон эле Тулиева көчөсүндөгү эркектер үчүн өзүнөн өзү пайда болуп, уюшуп калган «эс алуу аймагын» көздөй жөнөдү. Аты менен даңкы чыккан бул көчөдө «түнкү көпөлөктөр» кызмат көрсөтүшөт. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи үйдүн дарбазасында «Мончо, Кыз жок» деп жазып коюшкан. Руслан бул жердин кардары. Кайсы мончодо кандай кызматтар бар экенин беш колундай билет. Совет мезгилинде кымбат бир импорттук товарга эл кезек күткөндөй, бул жерде Руслан да өз кезегин күтүп, чала-була жуунуп, жыланач шыйрактарын көрсөтүп оронуп алып, кезектеги кардарды кабыл алмакка жүгүргөн кыздарды шыкаалап далай ирээт туруп калган күндөр болгон. Русландын бул балиттик менен ыймансыздык уялаган жерге болгон ушул жолку сапары тагдырында чоң бурулуш жасаарын сезбей «чыйт» түкүрүп кете берди…

      ***

      Канат үчүн жарытарлык эч нерсе биле албай Нурик кайтып келди. Канаттын өңү бозоруп, бүрүшүп такыр эле болбой калыптыр. «Эртең өзүм барбасам болбойт, мен минтип жүрө албайм…айй…ат-т-та-а-а» деп кыжалат болгон Канат бир орунга тура албайт. «Кырсык болгон жерди таштап кетүү да өзүнчө айыпталат да»-деп айласы түгөнүп Канат бетин эки алаканы менен жышып сүртүп алды. Канча жылдан бери досунун ойт бермесин жакшы билген Нурик анын өзү барып колго түшүп берээрине анча ишене албай турду…

      ***

      Чылым күйгүзгүч сатып алган жигит сыртка чыгып кеткен сон, дүкөнчү эжени «Уулум күбө болгонун айтсынбы же айтпай эле койсунбу?»-деген суроо кайра жаңырып кыжалаат кылууда. Энелик жүрөгүндө уулун ар балээден коруп, ашыкча маселеси жок жүрүшүн каалаганы менен, бир үй-бүлөгө түн түшүп турганда, билип туруп, унчукпай коюуга да адамдык абийири жол бербей, эмне кылаарын билбейт. Жанатан, кырсык болуп эл чогулуп турганда милиция кызматкерине чуркап барып айткысы келген 15-16 жашар уулун

Скачать книгу