Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

ору жөнүндө түшүнүк алса болот. “Жаман” болгуң келеби, “жакшы” болгуң келеби же жөн эле “чыныгы адамдык” касиетиңди өзүнүн калыбына келтиргиң келеби? Ал өз түшүнүгүңө, тандооңо, жашоодон алган турмуштук тажрыйбаңа жараша жана өзүңдүн жашоого болгон көз карашыңа жараша болот. Кандай ойлоносуң? Эмнени күнүгө жасайсың? Жашооңду өзгөртүү үчүн эмнелерди жасайсың? Жашоодо “жаман” дагы, “жакшы” дагы бар нерсе.Аны жасаган өзүңсүн. Адам баласы алтын ортодогу тең салмактуулукту кармап турган тараза сыяктуу. Ал үчүн өзүңдүн тынчылыгыңды жана тең салмактуулугуңду бир калыпта сактоону үйрөн.

      Өзүңдүн мүнөзүңдү түшүнүү менен, кетирген кемчилигиңди өзүң көрүп, аны кандайча түзүп алгансың? Кайрадан кантип өз нугуна келтирүү же ашыкча жасабай коюунун оңой жолдору барбы? “Жан дүйнөңдүн” кыйноосунан кантип чыксаң болот? Ал үчүн, сен аны кантип жасап жаткандыгыңды “түшүнүүң” зарыл. Өзүңдүн “ишенимиңдин”, “аң сезимиңдин кайсыл деңгээлде экендигин” туура түшүнүп, мындан ары “ жекече чек араңа кол тийгизбеш” керектигине көңүл бура баштайсың. “Өзүңдү өзүң сыйлоо жана колдоо”– ден соолугуңа, жекече жашооңо кандай таасир бере тургандыгына көңүл бурууга туура келет. Байкоочулук сезимиң ойгонуп, өзүңдүн оң жана терс мүнөздөрүңдү кантип жасап жаткандыгыңды сырттан көрө баштайсың, жана аны кантип жасабай койсо болооруна ишенесиң.

      “Адам дене түзүлүшү”, “жашоо процесси”, “тагдырдын кандайча, ким тарабынан түзүлүшү жөнүндө” кыскача сөз болот. “Көңүлдү буруу” менен ар кандай мүнөздүн, ойдун, сөздүн, сезимдин ден соолукка, жашоого тийгизген таасирин туура түшүнүү керектигине маани бере аласың.

      Ден соолугуңду кандайча бузуп алдың?… Эми, аны кантип кайрадан калыптандырууга болот? Мына ушундай мааниде түшүнүк алсаң болот. Билесиң, бирок күмөнсүрөйсүң. Кээ бир жашоодо анчалык маани берилбеген нерселердин өзүңдө бар экендигине ынанып, түшүнүү менен “өзүңдүн өзүңө болгон ишенимиңди” бекемдейсиң. Ички дүйнөңдөгү ачылбаган сырлар жана кызыктар дүйнөсү жөнүндө сөз болот.

      Э С К Е Р Т Ү Ү :

      Өзүңдөн башкаларга уруксаатсыз жардам берүү – бул башка адамдын денесине, үйүнө, дүйнөсүнө уруксаатсыз кирүү же жекече адамдык чек араны бузуу болуп эсептелет. Менин ар бир окурманым, сага китеп аркылуу маалымат алып, өзүңө өзүң жардам берүүгө уруксаат сураймын. Себеби ар бир адамдын руху, бул жашоодон кандай тажрыйба алуу керектигин билет.Ошондуктан бул китеп ар бир адам үчүн туура келе бербейт. Анткени ар бир адамдын жашоодогу өнүгүү этабы ар түрдүү. Албетте, бул кээ бир адамдар үчүн күлкүлүү же таң калаарлык. Себеби, бул адабий китеп эмес, аң сезим менен түшүнүүнүн, “жан дүйнө” менен иштөөнүн китеби. Ошондуктан бул китепти окуурдун алдында, китептин башка барактарын ачпай туруп, көкүрөгүңө коюп, денең менен байкап көр – “Өзүңдүн денеңден, рухуңдан уруксаат сура!” . Мен ушул китепти окууга чын дилимден даярмынбы? Мага билим алуу, аң сезимдин деңгээлин жогору көтөрүү керекпи? Менин денем, рухум, жаным ушул китепти окууга уруксаат бересиңби? Бул китептен өзүмө пайдалуу сабак ала аламынбы? Кантип ыраазы болуп, кубанып жашасам болот? Өзүмдүн денеме өзүм кожоюнмунбу? Өзүмдүн эмоциямды өзүм башкара аламынбы? Келечек жашоом кандайча, кантип, ким тарабынан түзүлүп жатат? Учур чакта кантип жашаганды билеминби? – деген суроолордун бирин берип көр. Өз денеңди ук, сезимиңди байка. Албетте, жашоо жеңил, аны кыйындаткан ар бир адамдын ою, сөзү, акылы, күнүгө жасаган иши, кыял жоругу, адамдар ортосундагы мамилеси экендигин өзүңө өзүң түшүндүрүп бар, аны өзүң кантип жасап жаткандыгыңды өзүңө өзүң түшүндүрүүң зарыл.

      Сезимиңде сез, жылуулук же сүйүнүч пайда болдубу? Терең дем алуу менен “жок” же “ооба” деген жооп ой аркылуу келдиби? Эгерде “жок” деген жооп келсе анда, дагы ойлонууга туура келет, же китептин ачылган барагын карап, “көңүлүң” эмнеге бурулса ошол жерди окуп көр. Кайсыл мүнөзүң сага тоскоолдук кылып жатат, мүмкүн өзүңдү өзүң түшүнүүгө жардам берээр. Ал сен үчүн “чечим чыгарууга” жол көрсөтүүчү болот. Эгерде “ооба” деген жооп келсе анда, токтоосуз барактап окуп көрүңүз. Себеби, дене сөздөрдү угат, ден соолукта болгусу келет, аң сезим иштей баштайт, мээ керектүү программаны ишке киргизет, керексизин түшүнгөндөн кийин өчүрөт. Ошондуктан “көңүлүң” сен үчүн ден соолукта болууга эң сонун жардамчы жана айдоочу, жол көрсөтүп багыт берүүчү. Көкүрөгүңдү тыңша! Дене ар кандай кысылуудан бошонуп, булчуңдар жазылгысы келет. Эгерде жүрөгүң катуу кысылса анда бул китеп сага жардамчы. Ал тоскоолдукту алуу үчүн чыдамкайлык, эрктүүлүк керек. Өзүңдүн ичиңдеги ак карышкыр менен кара карышкырдын күрөшүн токтотуп, өзүңдү өзүң башкаруучу болууга үйрөт. Өзүңдү өзүң тынчтандыр. Каалоо өзүңдөн, жакса акырына чейин окуп чыгып, турмушта пайдаланып көр, жакпаса каалаган жериңден бул түшүнүктөн чыгып кетүүгө толук акың бар.

      Кайталоо окуунун энеси!

      Кайталоо менен кана терең түшүнүп, “жан дүйнөгө” сиңирип алса болот. Эске тутуу жакшырат, мээдеги нейрондор чыңалат, жаңы нейрондордун өсүүсүнө көмөк көрсөтөт. Керектүүсүн жазып алып окуган пайдалуу, жазганда дене жаңы энергия менен тез аралашып байланышат жана ойдун тазалануусуна жакшы жардамчы болот. Ал эми үн чыгарып айтуу менен учур чактагы сүйлөгөн сөзүдүн маанисине

Скачать книгу