Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 4

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

ар кандай салаттар, мөмө – жемиштер ден соолукка эн чоң пайда келтирээри түшүнүктүү, бирок майонезди өтө аз пайдалануу керек. Ал эми, тамак ашка жаныбар майына караганда, өсүмдүк майын көбүрөөк пайдалуу. Эртең менен “жаныбар майын” тамак аш үчүн пайдалануу, түштөн кийин “өсүмдүк майы” ден соолукка пайда алып келээри далилденген. Себеби, дененин оң тарабы жаныбар күчүнө ээ болсо сол тарабы өсүмдүктөр күчүнө ээ.

      Эртең менен адам денесине жаныбар майы сиңимдүү болуп, ал эми түштөн кийин , айрыкча кечки тамакка өсүмдүк майы көп пайда келтирип, ден соолукту чыңдаарына ишендим. Кечки тамакта жеңил тамактануу ден соолукка өтө пайда экендигин көпчүлүк эл түшүнсө да, турмушта аны пайдаланууга көп этибар бере беришпейт. Айран ичеги карындардын иштешин жакшыртып, сөөктү бекемдейт.

      Эртең мененки тамактын курамы “углеводдор” менен коштолсо, ал эми кечки тамактардын курамы “белоктуу” тамактар менен коштолуп жасалса, “дене” өзүн жакшы сезээри белгилүү. Эми ал тартипти кээ бирибиз билсек да жасабайбыз, кээ бирибизде ал жөнүндө такыр түшүнүк жок. Учурунда мен да “түшүнүгү жок” адамдар катарында болуп, ден соолукта жүрө бере тургандай ойлогом. Ден соолук үчүн кам көрүү керектигин кийинчерээк түшүндүм. Албетте ооруп көрбөсөң, ден соолук керектигин кеч түшүнөсүң. Туура тамактануу боюнча профессор Неумывакиндин видеолорунан маалымат алсаңар болот.

      Ден соолукту сактоону адатка айлантуу, кары жашка карабайт. Биз, бул шартты пайдалануу менен ден соолукту сактап, өз өмүрүбүздү өзүбүз узартып, бактылуу өмүр сүрө алабыз.

      Негизгиси, ушул секундадан баштап, ден соолукту колуңа алып, аны чыңдоодо! Дагы бир маани берүүчү нерсе кайсыл зодиак белгисинде төрөлгөнсүң, ошого жараша денеңди керектүү тамак аш менен канааттандыруу зарыл, себеби дененин ден соолукта болуусуна планеталар дагы өтө чоң таасир этет. Кайсыл зодиак белгиси кандай оорууларга жөндөмдүү жана аны кантип алдын ала болтурбоо коюуга ар кандай жолдордун бар экендигин интернет аркылуу окуп алсаңар болот.

      Ошондой эле, кийген кийимиңдин тазалыгы, өңү – түсү, жарашыктуулугу, сапаттуулугу албетте, дененин эркин жашоосуна, дем алуусуна өбөлгө түзөт, сезимди жакшыртат. Жарашыктуу жаңы кийим көңүлдү көтрөт.

      Дене эркин дем алуусу үчүн, таза пахтадан жасалган кездемелерден тигилген кийимдер өтө ыңгайлуу болуп, ар түрдүү түстөгү кийимдерди кийүү керек экендигин түшүндүм. Себеби, дене кээ бир денеге жетишпеген энергияны кийим аркылуу дагы алат. Ал эми, түстүү кийимдер маанайды жогорулатат. Денеге чак, размери туура келген кийим кийүү зарыл, антпесе дененин формасы жайылып, курсак, жамбаш чыгып көрксүз боло баштайт. Ылайыктуу кийим денени тыкан алып жүрөт жана форманы жакшы сактайт. Жарашыктуу кийим денеге көрк берет. Ал эми, ыңгайсыз чоң же кичине кийим дененин нормалдуу иштешине кыйынчылык туудурат.

      Ошондой эле, туура дем алып, дем чыгаруу эң бир сонун ден соолуктун булагы экендигин акылым менен

Скачать книгу