Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 7
Азыр болсо келген ойлорду филтирлеп, керек эмесин кабыл албоону үйрөнүп , тажрыйба кылып жүрөм же болбосо келген ойлорду жөн кана үстүртөн карай турган болдум. Ой деген ой да ал тынымсыз келип кете бере турган нерсе.
Ошентип, убакыт өткөн сайын “жан дүйнөмө” – позитивдүү сөздөр сиңип, бүгүнкү күндө автоматтык түрдө турмушта пайдаланып жүрөм. Көзүмө жаман нерселер эмес, жакшы нерселер көрүнө баштады. Себеби, “көңүлүм” мени сүйүндүрө турган нерселерге бурула баштады. Ой бузулганда, мурдагыга караганда тезирээк башка, мен каалаган нукка бурууну үйрөндүм, мүмкүн болушунча келген ойду ойлонуп пластинка сыяктуу айлантпоо керектигин терең түшүндүм. Албетте, эң сонун нерсе, келген ойду жөн кана кармап калбай кое берүү экендигин түшүндүм.. Ой келди, керектүү идеяны кабыл алдым, калганы токтоосуз кетти! Керексизин мээде айлантып ойлонбостон жөн кана коюп жибере турган болдум.
Айрыкча, өткөн күндү, кечинде уйкуга кетээр алдында бир сыйра элестетип, териштирип, керексизин, жагымсызын, кечирип, кечирим суроо менен денени бошотуп, жыйрылган булчуңдарымды жазып терең уйкуга кетүү адатка айланып бара жатат. Жатаарда телевизорду көрбөөгө аракет кылам. Ал нерсе өзүңдүн маалымат талааңды тазалоо үчүн керектигин бара-бара түшүндүм.
Мүмкүн болушунча денемди бош таштап уктоо, дененин түнү бою кайрадан өз калыбына келүүсүнө шарт түзөт, ден соолуктун өз нугуна келүүсүнө жардам берет. Дем алууну калыптандырат.
“Кечинде уйкуга жатаарда – “өзүмдү бактылуу сезип”, эртең менен “өзүмдү бактылуу сезип” турууну күнүгө ниет кылам”, себеби, аны канчалык көп жасасаң ошончолук өзүңө өзүң ыраазы болуп, кубанычтын сезими көбөйөт. Ал эми кубаныч, мелатониндин денеге өз нормасында бөлүнүп чыгуусуна шарт түзөт. Адам кубанган сайын кан айлануу жакшырат. Кан айлануу жакшы болсо адам өзүн чыйрак алып жүрөт.
Адамдар жөнүндөгү ойлорумду өзүмө жаккандай ага да мага да “кубаныч сезим” тартуулагандай ойлойм. Жыйынтыгында, адамдар мага ошондой мамиле жасап, мен өзүмдү жакшы сезе баштадым.
Ар бириңерге суроо???
Жашооңдо эмнелер болуп жатат, кандай жашоодо жашап жатасың? Ал күндөн күнгө көбөйүп күчөп бара жатабы же …?
Аны күчтөндүрүп жаткан ар бир адам өзүбү же…?
Күнөөлүүнү издеш керекби же…?
Өч алуу, уят, күнөөлүү сезим, таарынуу, бийлик талашуу, ашыкча намыс ж.б.у.с. денеге пайдабы же зыянбы?
Ооруунун, аба ырайынын өзгөрүүсүнүн башаты кимден башталышы мүмкүн?
Менин айтайын дегеним “ойдун тазалыгы”, “сөздүн тазалыгы” жөнүндө, бул дагы ден соолуктун эң негизги – булагы, дененин жеген тамагы, өткөргөн нуру. Эмесе, ушул эки сөз жөнүндө кыскача түшүнүк бере кетейин.
[А] Аалам ден соолуктун толкунунда! Аалам өз жайында!
ОЙДУН ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖӨНҮНДӨ
“Мен кандай