Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 11

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

менен иштеп көрсөң болот. Эгерде эрки күчтүү, жеңил ооруу менен ооруган адам болсо, жасап көрсө да болот. Ооруп жаткан жериңден өйдө тур. Өзүңчө, ойлонуп, үн чыгарып сөз менен айт: “Болду жетишет! Мен оорудан баш тарттым! Көңүлүм мени кубандыра турган нерселерге бурулду”. Мындан ары ден соолукта болууну чечтим!”, “ Менин ден соолугум чың!”, “Өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бердим!” ”Мен ден соолуктун толкунундамын!” “Мен ден соолукта жашап жатам!”.

      Эгерде өз күчүнө ишенген болсоң, күнүмдүк жасаган нерсеңди өзгөрт. Эшикке чык. Таза абадан дем ал. Эртең мененки күндүн нуру адамдарга жашоонун нурун берет. Өзүңдү ал жерден башка жакка жылдыр. Мисалы: “ Мен азыр уулумдукуна барып кабар алып келейин, барып келгенге күчүм жетет!” – деп ордуңдан туруп кетсең, заматта акыбал өзгөрөт. Эми “ооруу деген ойдун толкунунан, айылга баруу” деген толкунга уландың. Себеби, “көңүлүң” башка ойго бурулду. Жуунуп таранып, чыйралып, басып кеттиң. Оорууну унутуп, айылга баруу жөнүндө ойлой баштадың. Денеңде заматта ооруу жоголду. Анын ордуна башка ойлор келе баштады. Ал эми “көңүл буруу” – бул башкаруунун пульту же башка каналга буруу болуп эсептелет.

      Жаңы ойлор келе баштады, ооруганды унутуп:

      Оо, баардыгы үйүндө экен? Меймандары да барбы?

      Неберем алдыма чуркап келсе мына бул, шириндикти же оюнчукту берейин.

      Келиним кантип күлүп тосуп алды? Балам бактылуу жашап жатыптыр, өңү сонун го. Мага жакты – деп кыялданып, сүйүнүчтүү ойлорду ойлонуп элестетип бар.

      Эми, бул жагы өзүңдүн сезимине жараша, жаман ойлосоң, жаман жагына, жакшы ойлосоң жакшы жагына бурулат. Мүмкүн болушунча жаман ойлобоого аракет кыл. Ооруу өзүнүн толкунунан адашты, алмашты. Жашоо шаңдуу боло баштады. Же, эч жакка бара албай эшикке чыга албасаң, анда телевизордогу жаңылыкты өчүрүп, концертти көргөнгө бурдуң. Жашоонун рулу өзүңдүн колуңда, телевизордун пультун азыр каалаган каналга бура аласың.

      Конокко барган жакшы да, ага макулсуңарбы? Сый көргөн баардыгыңарга жагат го деп ойлойм. Эми, орууду сыйлаганча, өзүң сый көргөнгө өт, өзүңө өзүң уруксаат бер!

      Мына ушундай тартипте күнүмдүк турмушта өзгөрүү болуп турат.

      Ар бир жаңы “ой” – бул дене үчүн жеген жаңы “тамак” сыяктуу.

      Жыйынтыгы, “ооруу” – “айылдоого” алмашты, кааласа ар кандай ушак сөздөрдү кошуп койсо да болот, оорууну унутуп, жашоо кызыктуу болуш үчүн. Бирок “аша чаап” кетпөө керек. Ар кандай ушак сөз, ой жүгүртүүнү тездетип, кругозорду кеңейтет, эгерде туура пайдалансаң. Бирөөнү ушак кылганда жаман жагын айтып, кажынбастан, ал адамдын жакшы сапаттарын айтып, өзүң сүйүнгөндөй акыбалда бол. Ошондо кана “ушак”– ден соолукка пайда алып келет. “Көз артуу” жоголуп, ордуна “ырахаттануу” пайда болот. “Мен дагы ошондой жашоодо жашагым келет!” – деген сезимдин ойгонуусуна түрткү бересиң.. Жаман ойлосоң, анда өзүңдү ооруга алып келесиң, өз тагдырыңды өзүң татаалдаштырасың, аягы бактысыздыкка алып келет.

      Мына ушундай тартипте, жүрөк өйүгөн проблеманы, өзүң каалаган ден соолукка бурууга болот. Ал ар кимиңдин өз колуңда. Аны жасай аласың. Негизги күч өзүңдүн

Скачать книгу