Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 15
Мындан ары, жогорку тартипте ар бир сөз, сүйлөм менен ушинтип иштесеңер болот.
Ар бир сөздүн маанисин “аң сезим” менен “түшүнүп”, “ден соолукту” “сезим” менен “чыңдап” энергияңдын кубаттуулугун жогору көтөр. Аны өзүңө өзүң түшүндүрүп бар.
Башкача айтканда ой жүгүртүүнү оңдоо менен ар бир адам өз ден соолугун өзү чыңдай алат, жашоосунун сапатын жакшы жагына өзгөртө алат.
Суроо канчалык көп берилген сайын, мээнин иштеши активдештирилет, ой жүгүртүү тездейт, кан айлануу жакшырат. Бирок суроону позитивдүү берүүнү үйрөнүү зарыл. Китепти окугандан кийин адамдар бири – бириңер менен позитивдүү сүйлөшүүгө көбүрөөк маектешүүгө өтсөңөр, жакшы таасир берет. Себеби, жүрөк өйүгөн сырларды, ойлорду ичте кармагандын ордуна сыртка чыгарып, энергиянын айлануусун, кандын айлануусун жакшыртуу,жашоону узартып, турмуштун кызыгын көрүүгө жардам берет. Терс сезимдерди бирөөгө айтып ушакты көбөйтүүнүн ордуна эч ким жок жерде өзүңө – өзүң айтканың оң, себеби, бирөөнү ушактоо менен өзүңдүн ички дүйнөңдү башкаларга көрсөтөсүң. Андан көрө кагазга жазып өрттөп сал. Себеби, уккан кулак аны, бирөөгө өткөрмөйүнчө, ал маалыматтан кутула албайт, ошон үчүн адамдар бирин-бири сөз кылууга, маалыматты бөлүшүүгө жөндөмдүү. Уккан сөздү эч качан сөзмө сөз сен айткандай жеткире албайт жана айтпа деп айткан сөзүң сенин айлана чөйрөңө белгилүү болот. Өзүңөр жөнүндө жаман сөздүн ордуна, жакшы нерселерди айткан оң. Себеби, баары бир адамдар тарабынан бурмаланып, ар кандай окуяга айланат, ал эми жакшысы сезимиңди жакшыртат. Жаманы ден соолугуңду бузат. Ал нерсеге көз каранды болбоо үчүн өзүңдүн жашооңо өзүң кожоюн бол, аны өзүң өзгөртүп баруу келечекке ишенимдүү жашоо түзөт.
Ичте “ашыкча сыр катуу”, бул ден соолуктун начарлашына алып келет. Себеби, ал нурлардын айлануусу, нур айланбай туруп калса, ичиңде кыжаалатчылык пайда болот. Кан айлануу начарлайт. Ошндуктан сырыңды ашыкча сактоонун ордуна кагаз бетине жазып өрттөп салуу адамга аябай чоң жардам берет. Сыр чечишкен адамың болсо андан да жакшы, эгерде сени позитивдүү нукка бура билген адам болсо. Жакшысы эч кимге айтпай эле өзүңө өзүң шыбырап айтып, жаныңды кыйнаган сырды, энергияңды денеңден чыгарып сал. Сырды уккан адам сен жөнүндө кандай образ түзөт ал белгисиз, ошон үчүн проблеманы көбөйткүң келбесе бирөөгө айтпай эле койгон оң.
Сырдын ичте сакталышы боордун ооруусуна, кандын коюуланышына алып келет, ошондуктан сенден уккан нерсени баары бир бирөө менен бөлүшөт, себеби сыр – бул нур, энергия толкуну экендигин түшүндүң. Ал эми энергиянын бир жерде кыймылсыз туруп калышы клеткалардын тез өлүшүнө шарт түзөт, жыйынтыгы ооруунун очогу пайда болот. Ошон үчүн сырдашкан адамга эч кимге айтпа деп аны кыйноонун кажети жок. Анын да ден соолугун ойлоо зарыл.Себеби, сен ал кыжаалатчылыгыңды бирөөгө өткөрүп койдуң, эми ал сырды уккан адам кыйнала баштайт.Аял кишиге айткандан корккондор эркекктерге айтат. Ал эми, эркек киши аны сөзүз эркек адам менен бөлүшөт, жыйынтыгы кайра эле аялдарга айтылып, алар аркылуу көркөмдөп көбөйтүлөт. Ошентип ушактын учугун улоо башталат. Демек, ушактын башчысы өзүң экендигиңди