Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 17
“Аң сезим менен түшүнүү – бул анализдеп, акылды өлчөп калчап, логика менен интуицияны тең иштетүү б.а. жашоо менен байланыштырып түшүнүү”. Ар бир клетканын, органдын, дененин, бүткүл тулку боюдун өзүнчө “аң сезими” бар. Баардык нерсе “жандуу”.
Физикалык дененин, тулку боюдун аң сезимин – аң сезим (сознание, сознательный ум) логикалык, рационалдык акыл, мүмкүнчүлүгү чектелген акыл, мээнин сол жарым шарынын иштеши”, деп түшүнүп, ал эми “ички дүйнөнүн аң сезимин, жан дүйнөнүн аң сезимин (подсознание, безсознательный ум) – чыгармачыл акыл, иррационалдык акыл, мүмкүнчүлүгү чектелбеген чексиз акыл, мээнин оң жарым шарынын иштеши” экендигин түшүндүм.
Экөөбүнүн биргеликте бир деңгээлде иштеши жашоонун жеңил жолун ачып, азыркы, бүгүнкү жашоону, учур чактагы жашоону алып келет. Бирок, эки мээ “тең салмактуулукта” иштеген адамда “сыйкырдуу” жаратуулар болот, алар материалдык дүйнөдө адамдар тарабынан “гений, өтө талантуу, кудай, пайгамбарлар” катары кабыл алынат. Тилекке каршы андай адамдар чанда кездешет. Ал эми, мүмкүнчүлүк ар бир адамда бар. Ошон үчүн ар ким өзүн өзү түшүнүп, өзүн өзү угуп иштеткенди үйрөнүүсү, керек, өз мүмкүнчүлүгүн пайдалануусу, ичиндеги чыныгы жөндөмдүүлүгүн эстеп, ачуусу керек.
Өзүңдү өзүң түшүнүү аркылуу, сырдуу күчтөрүңө ишенесиң, ден соолукта болууга өзүңө өзүң уруксаат бересиң.
[А] Мен, Сен, Ал, Биз, Дүйнө, Аалам, Кудай барбыз! Биз азыр ушул жердебиз!
Эмнеге “Мен”, “Сен”, “Ал”, “Биз”, “Дүйнө”, “Аалам”, “Кудай” деген сөздөр көп колдонулат?
Ар бир адам дене түзүлүшү көп кырдуу, көп тармактуу жана ар кандай көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөлөр менен тыгыз байланышта. Медициналык көз караштан сырткары, эзотериканын тили менен айтканда, адам дене түзүлүшү негизинен жети денеден турат, орустардын “Матрешка “ куурчагы сыяктуу көзгө көрүнбөгөн энергиядан турган денелер бири-бирине кийгизилип турат. Ал нерсени көпчүлүк адам түшүнө элек. Ошондой эле ошол денелерди бири– бирине байланыштырып, адамды кыймылга келтирип, жылуулук берип, жандандырып, жашатып жаткан көзгө көрүнбөгөн нур жипчелер, нур каналдар, энергетикалык нур айландыруучу борборлор бар экендиги тууралуу көп маалыматтар бар. Мен дагы көпчүлүк катары бул нерсени түшүнүү үчүн издендим. Ал денелердин бар экендигине ишенип, физикалык дене башка денелер аркылуу тыгыз байланышта экендигин түшүнгөндөн кийин кана, мындай маалыматтын ар бир адам үчүн керектигин түшүндүм. Жана аны көпчүлүктүн түшүнүп алуусун ниет кылдым. Себеби, ден соолукта болуу үчүн бул маалымат адамдар үчүн керектигине ынандым. Ошон үчүн китеп аркылуу түшүндүрүү зарылдыгын колго алдым. Албетте, бул нерсени менден эч ким суранган жок, бирок билген маалымат менен бөлүшүүнү туура деп таптым. Кээ бир адамдар, китеп жазуу – бул сенин “миссияң” деп да айткандарды уктум. Жыйынтыгында, миссияны(предназначение) ар бир адам өзү түзөөрүнө ишендим. Ал сенин мурдатадан жасап келе жаткан турмуштук тажрыйбаң экендиги анык. Бул нерсе маалымат талааңда болбосо,