Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 21
Уюлдук телефондор кандайча иштейт? Адам энергиясы дагы дал ошондой иштейт. Бирок энергия сөз түрүндө үн чыгарбай “сезим” менен иштейт. Кээ бир сезими күчтүү адамдар кана башына келген, кулагына угулган “шуулдаган үндү” угушу мүмкүн.
Бир күндө адамга 14 000 000 дон ашык ар кандай ойлор келип кетип турат деп окумуштуулар изилдешкен. Аны териштирип кабыл алуу же албоосу адамдын өзүнүн турмуштук тажрыйбасына жараша. Өтө аз өлчөмдөгү адамдар кана ойлорун териштирип филтирлей алат. Мен, мына ушуга окшогон жашоодо анчалык маани берилбей, бирок адам дене түзүлүшүн бузуп, адамдарды оорууга , бактысыздыкка чалдыктырган нерселер жөнүндө сөз козгоп, анын түден соолукка, тагдырга кантип таасир бере тургандыгы жөнүнө сөз баштап жатам.
Аны түшүнүү үчүн көпөгөн илимдин тармактары керек, медицина, биоэнергетикалык “билим”, кванттык физика билими, ааламдагы энергия толкундарын түшүнүү, адам дене түзлүшүн түшүнүү, химия, физика, биология, зоология, астраномия, математика, геометрия, медицина ж.б.у.с. илимдер, кыскасы ар тараптан билим алуу жардам берет.
Мен өзүмдүн түшүнгүм боюнча, алган билимдеримдин негизинде өзүмчө жыйынтыкка келдим. Албетте, мен жазып жаткан нерселерге таксытоочу өтө көп китептер, фильмдер, илимий, медициналык далилдөөлөр бар.
Кимге кызык болсо, тереңирээк түшүнүү үчүн дүйнөдөн кабар берчу, кыскача же терең түшүнүк берчү “интернет” маалыматтары бар.
Эми бүгүнкү күндө элимде болуп жаткан турмуштан бир үзүндү алып талдап көрөлү. Турмушта анча маани берилбегени менен көпчүлүк адамдын тагдырына өтө таасир этүүчү биринчи, “негизги” себептердин бири болушу мүмкүн.
Жашоо көп кырдуу, аны ар тараптан изилдөөгө болот.
Мен азыр, төмөндө келтирген мисалдардан кийин кээ бир адамдар кандайча далилиң бар – деп сурашы мүмкүн. Мына ушундай суроо пайда болгондо өзүңдөн, тууган уругуңдун же тааныштарыңдын тагдырына көңүл буруп көр. Мурда күмөнсүрөө менен карасаң, эми коркпой эле сурай аласың. Аны ар бир адамдын бүгүнкү күндөгү келбети, мүнөзү кандай, кайсыл жери ооруйт көрүнүп турат.Ушундай тартипте, эч кимге айтпай кыйналып жүргөн адамдарды түшүнүп алууга болот деп ойлойм. Себеби, кээ бир адам түнт, эч кимге сырын