Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 22

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

Жумушта жүргөн жаш апа эмчектеги баласын чоң энесине таштап кеткен. Баласы эсине түшкөндү эле , балам ооруп калбаса экен, энем убагында тамак бергенди унутуп калбаса эле, – деп ойлойт.

      Эми ошол ойдун кандайча иштешин жөнүндө, жашоонун бир тармагын мисалга алып анализдеп көрөлү.

      БАЛАГА : Апа менен баланын ортосунда заматта энергетикалык байланыш пайда болду.

      – апа баланы өзүнүн “күмөнсрөөсү” менен наристени – “күмөнсүрөөнүн, корунучтун толкунуна улады”,

      – экинчиден балам ооруп калбаса экен дегени, баланын денесин алсыратты, иммунитетин начарлатып тез-тез шамалдоосуна алып келиши мүмкүн. Албетте, омуртка аркылуу өтүүчү токтун кубаттуулугу өзгөрдү,

      – эненин боору ачыганы, жаш баланын Аалам менен байланышын начарлатты, өсүүсүнө тоскоолдук кылганы. Келечекте бала ишенчээк, таарынчаак, тартынчаак, мүнөзү жумшак, жалтанчаак, өз оюн ачык айта албаган бала болушуна шарт түзүлдү.

      ЧОҢ ЭНЕ: энергетикалык канал аркылуу, баланы унутууга шарт түзүзлүп, чоң энеге күмөнсүрөөнүн толкуну уланды.

      – “Унутуп калбаса экен” дегенде сөзсүз унутуп калат, себеби, ал ой “учур чак” менен “энем баланы унутуп калат” деген маалымат Ааламга жөнөтүлдү. Натыйжада кемпир унутат, кемпирдин холестеринин көбөйтүп, канын коюлантат.

      Кандын коюлушу – унутчаактыкка алып келет. Боордун иштеши начарлайт. Демек, чоң эненин денеси жыйрылып, кан басымынын көтрөлүшүнө абал түзүлдү. Ичинен бушайман болуп, кыжалатчылыгы көбөйдү. Келиним келсе эмне дейт? – деп өзүнчө уйгу– туйгу боло баштайт. Денедеги токтун агымынын нормасы бузулду. Ички ток өткөргүч каналдарда, нервдерде майда кыл тамырлар кысылып, алардын жарылуусуна кырдаал түзүлдү. Булчуңдары жыйрылып, жүрөгү сыгыла баштады.

      “Жоон тамыр, кыл тамырлардын баары ток өткөргүч – нур каналдары”.

      Ички дүйнөдө кыжаалатчылык, коопсуздук сөзсүз кан басымын жогорулатып, кемпирди оорууга дуушар кылышы мүмкүн.

      Натыйжада кемпир баланы өз убагында тамактандырууну унутат. Эстегенден кийин өзүн өзү жемелөөгө өтөт.

      Өзүн –өзү урушуу бул, өзүн өзү сүйө албагандыгы, “сүйүүнүн” жетпегени, ал деген, келечекте, «анемия» кан аздык оорусуна шарт түзүүсү, небере чеберелеринин бактысыздыгы б.а. ажырашуу, ар кандай ооруулар, баласыздык, алкаголик, наркоман, кыстеке балдардын төрөлүшүнө себепкер болушу мүмкүн.

      Кемпир тынчызданып, келиним, уулум келсе урушат деп, коркконунан бели бошоп, алдан күчтөн тая баштайт. Омурткасындагы негизги ток өткөргүчтөр кысылып, денеси шалдырап, алсыраганга өтөт. Натыйжада, “жашоонун энергиясы” алсызданды. Бел омурткасынын бошоңдошу, денеге керектүү ток өткөрүүнү начарлатып, материалдык жактан жабыркоого, финансылык кризиске жол ачат.

      Ал эми, урпактары “акча жок”, деп бечара турмушту башынан өткөрүүгө шарт түзүлөт. Ал болсо тукум куучулук касиетке ээ б.а. маалымат талаасы аркылуу бири– бирине

Скачать книгу