Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 23
Эми, кайрадан жогорудагы мисалдагы апанын сезимин түшүнөлү.
АПА: баланын апасы “ кыжалатчылыктын толкунунун”, энергиясына уланды, “күмөнсүрөөсү” күчөдү, жүрөгүндө бейкутсуздук пайда болду, кыжыры келе баштады. Кан басымы жогорулады. Жаман ойлор келген сайын жүрөгү кысыла баштады. Эмчегинде сезгенүү пайда болду. Жатынын кан тамырлары кысылып, эмчектин каналдарына зырп – зырп этип сигнал берип, сүтү ачуу болуп, ууга айлана баштады. Баланын эмчек эмбөөсүнө алгачкы шарт түзүлдү. Ал деген баланын иммунитетин начарлатып, ден соолугун , айрыкча эске тутуусун начарлатты.
Жатынына ар кандай ооруулардын пайда болушуна шарт түзүлдү жана ар кандай ооруулардын пайда болушуна, үрөн себилди. Өзүнө болгон “ишенимдин жоктугу” омуртканын начарлашына алып келет. Ал деген, үй-бүлөнүн туруксуздугуна б.а. бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Эне менен кыздын ортосундагы мамиленин бузулушу – бул аялдык касиетин кармана албаганы б. а. өзүн-өзү сүйбөгөндүгү. Кайын эне менен келиндин касташы – бул “ар бир аялдын өзүн өзү кабыл албоосу», “өзүнүн көлөкөсү менен өзүнүн урушуусу, өзү менен өзүнүн атаандашуусу”. Ар бир адам сенин ички дүйнөңдү сыртыңдан күзгү сыяктуу көрсөткөн, өзүңдүн кандай адам экендигиңди чагылдырган адам. Ошентип, кимдин дүйнөсүндө сен кандай адамсың өзүңдү ачык көрө баштайсың.Албетте, сен жөнүндөгү ой пикири жаман адамдын алдында өзүңдү жаман сезип, кыйнала баштагандан кийин ал адамдан алыстоого туура келет. Аны интуиция менен сезесиң.
Аял менен аялдын же эркек менен эркектин бири – бири менен келишпестиги денесинин бир капталынын б.а. дененин жарым бөлүгүнүн жакбыркашы болуп эсептелет.
Сырткы дүйнөдө эки аял бири– бири менен касташса, урушса, ички дүйнөдө ар бир аял өз денесин өзү экиге бөлөт. Өзү менен өзү урушуп, дененин “оң тарабы” менен “ сол тарабынын” бири – бири менен энергетикалык байланышы начарлап, белден өйдө жагы менен төмөн жагы бири – бирине болгон байланышы начарлап буту колдун оорушу, жатындын, белдин оорушу күчөйт. Бири-бирине болгон тирелишүү күчөйт. Ошон үчүн эки аял бир үйдө жаңжал салууга жөндөмдүү.
Жамбаштагы нур каналдарынын иштеши начарлап, жашы кырктан өткөндөн кийин кээ бир адам, айрыкча өзүн караганды билбеген адамдар “аксап” белине колун таянып, илең – салаң, араң, буту менен чарпып, аксап басат же, “карылык келди”, же “нервден ооруп калдым” деген шылтоо менен көзүнүн жашын көлдөтүп “параличти сыйлап” төшөктөн турбай жатууга аргасыз болот.
Ар бир эне, аял заты өзүң танда. Бул көрнүнүш учурунда билинбегени менен ушундай болуп калышы да мүмкүн. Эми бир аз да болсо түшүнүктүү болду го дейм. Ар кимге ден соолук “өзүнө” кана керек. Ошон үчүн “учур чакта” жашап, ойду тандаганды үйрөнүү зарыл. Ал эми ой, сезимге уланып денеге