Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 14

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

агымы жогорулайт, сезим жакшыра баштайт. Азыр ошол айырманы сезиш үчүн көнүгүү жасайбыз. Ар бирин айтып, дене менен сезип көргүлө. Кайсынысы жакты ошол ойду, сезимди көбөйтүп, эстеп калуу менен ден соолукту чыңдоого болот.

      Жаман ойлор (өчтү)

      Жакшы ойлор (ишке кирди)

      1

      Акчам жок (өчтү)

      Менде дайыма акча бар (ишке кирди)

      2

      Ар жерим ооруйт

      Мен ден соолукта төрөлгөм, себеби өзүмдү деним сак сеземин!

      3

      Карызым көп

      Керектүү убакта, керектүү өлчөмдө мага да ага да ыңгайлуу шартта төлөп койдум.

      4

      Чындык жок

      Мен өзүмө өзүм чынчылмын. Чындык бар

      5

      Теңчилик жок

      Теңчилик бар. Менин дүйнөмдө теңчилик орноду, тең салмактуулук калыбына келди.

      6

      Мага жакшы жашоо буйрубаган

      Мен жакшы жашоого өзүмө өзүм уруксаат бердим. Жакшы жашоонун ээсимин. Жашоомо ыраазымын!

      7

      Кудайдан корком

      Кудай эч кимди жазалабайт, адамдын намысы өзүн өзү жазалайт. Кудай мени сүйөт жана колдойт, себеби кудай менин денем аркылуу өзүн сездирет, себеби, ал энергия, нур, жылуулук.

      8

      Өлгөндөн корком

      Мен жашоону тандадым, өлүмдүн бар экендигин түшүнөм жана кабыл алдым. Менин жашагым келет. Мен азыр жашоону тандадым.

      9

      Уурдап кетпесин

      Туулгандан жараткандын коргоосундамын. Менин дүйнөмдө уурулук жок, адамдар жетишкен жашоодо жашайт, себеби мен аларга ишенемин!

      10

      Алым, күчүм жок

      Мен күчтүүмүн. Кудайдын күчү ичимде

      11

      Жашоо кызыксыз

      Ар бир көз ирмемде жашоодон ырахат алып жашап жатам. Бул жашоого укмуштарды жаратуу үчүн келгенмин.

      12

      Аялдар алдайт

      Аял заты жаратуучу, дүйнөгө сүйүү нурун таркатуучу. Мен аялдарга ишенем, себеби, ал менин ден соолугум

      13

      Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт

      Эркектер эң күчтүү коргоочу, жашоого кам көрүүчү. Айтканын өз убагында аткарат. Эркекке ишенүү, өзүмө өзүм ишенүүм.

      14

      Сүйүү жок

      Сүйүү– бул көзгө көрүнбөгөн нур, ал нур ар бир адамдын өзүндө, ички дүйнөсүндө, денесинде. Сүйүү дайыма мени менен бирге! Сүйүктүүмүн,сүйкүмдүүмүн! Тирүүлүктүн өзү сүйүү! Жүрөгүмдөн, көкүрөгүмдөн сүйүү, жарык нуру дайыма чачырап турат!

      15

      Үй-бүлөм жок

      Ар бир адам денеси эң чоң үй, үй – бүлө, төрөлгөндөн түгөйлүү болуп жаралган. Мен өзүмө үй– бүлөлүү болууга уруксаат бердим! Сүйгөн жарымдын мага жолугуусуна уруксаат

Скачать книгу