Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 13

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

style="font-size:15px;">      Ар жерим ооруйт, рак болуп калдым окшойт

      Карызым көп, кредитти, ипотеканы кантип төлөйм?

      Чындык жок, акча бербесең чечилбейт

      Теңчилик жок, алдап койсочу?

      Мага жакшы жашоо буйрубаган

      Кудайдан корком, кудай жазалайт?

      Өлүп калат окшойм? Өлгөндөн корком

      Уурдап кетпесин, азыр ууру көп

      Алым, күчүм жок. Кантип күрөшөм?

      Жашоо кызыксыз. Өлүп эле калсамбы?

      Аялдар алдайт, азгырат, оору жугузат

      Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт, мени пайдаланат

      Сүйүү жок, мени эч ким сүйбөйт, мен эч кимге керек эмесмин.

      Үй – бүлөм жок, эмнеге турмуш кура албайм?

      Бай болгондон корком, бай болсоң душманың көбөйөт

      Кембагалдык бешенемде жазылган,таманым жоор болуп өтөмбү? ж.б.у.с. келеби?

      Эми, денени байкайбыз: Ар бир суроодон кийин токтоп, денеи бош кой, көздү жуумп тур, өзүңдү тыңшап ук. Дененин кайсыл жеринде ооруу кандай сезимден кийин жана эмнеден пайда болду? Башыңдын кайсыл тарабында ооруупайда болду?

      Денең – так жооп берет.

      Байка : жаман ойлогондо дене өзүн кандай сезди?

      Оорууну ойлогондо денең өзүн кандай сезди?

      Мисалы: бут же жүрөк сайгылашып ооруп кетти, ошол дене мүчөңдөн кечирим сура, кечир. Мээңдин тартышкан жерин бош карма. Төбөңдөн энергия кирип жууп жатат деп элестет. Сүрөттү карап ал элестеткенге оңой болот.

      Кыялыңда көз алдыңда кандай түстөр пайда болду? Түсү кандай? Ал түскө ыраазы бол, Миаслы: кызыл түс бутуңда турат, ошол түс менен сүйлөш -“Мен сени менен ушунча жыл бирге өмүр сүрдүм, сени кабыл алдым!Сен менен бирге кантип жашаганды үйрөндүм. Сага ыраазымын! – деп туруп көгүлтүр түстү элестет да жуулуп, тазаланып кетти деп ойлон. Кызыл түстөр эки буттуңдан жылып денеңден чыгып, Жерге сиңип кетти. Аны менен кошо жаман ойлор кетти. Денеңди бош карма, эки буттту кымылдатып, “Ооруунун” денеден чыгып кетишине уруксаат бер. Себеби, ооруу– бул энергия, кыймылсыз уюп, туруп калган энергия. Ал эми энергия кыймылдайт, жылат. Аны массаж кылыш керек, же кыймылда. Көздү ачпай тур. Жаман ойду жакшыга өзгөртүп ойлоп, коюп бериш керек. Оорууңду мээриңди төгүп узат. Ыраазылык билдир. Денени бош карма, дем ал, дем чыгар. Дем алуу менен денедеги туруп калган “энергия” жылат, коюуланган кан суюла баштайт. Денеде талыкшып, жүрөк сыгылган акыбал да байкалышы мүмкүн. Өзүңдү бош кармоого, чыдамкайлык менен ооруунун денеден кетүүсүнө жол бер. Ар кандай ооруу дене аркылуу акырын жылып – жылып таркай баштайт. Суусасаң жылуу суу коюп, ууртап ичип тур. Жүрөк, кан тамыр ооруулары менен ооругандар этияттык менен, акырындык менен аз аздан жасоосу керек, шашуунун кереги жок. Себеби, ал ооруу бир күндө пайда болгон жок да, аны өзүң жакшы түшүнөсүң. Бул нерсени баштап алгандан кийин күнү-түнү энергиялар жыла баштайт. Ошон үчүн, бул китеп адабий китеп эмес деп эскертип жатам. Денедеги дың жерлер өздөштүрүлүп, муздар эрий баштайт. Чыдап, улантуу керек.

Скачать книгу