Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 5
Ал эми К.П. Кауфмандан соң, генерал-губернаторлук кызматка дайындалган М.Г. Черняевдин (1882-1884) мезгилинде бул иш улантылганы менен М.Г. Черняев өзүнүн илимге, өзгөчө К.П. Кауфман тарабынан жасалган алдыңкы иштерге тескери мамиле жасаган. Бул туурасында өз мезгилинде генерал-губернаторлуктун канцеляриясында көп жыл бою кызмат өтөгөн кызматкер Г.П. Федоров мындайча эскерет: «М.Г. Черняевдин К.П. Кауфман менен жекече байланышы, тааныштыгы болбогондугуна карабастан, ал жасаган иштердин көбүнө каршы тура баштаган. Анын ар бир сөзүнөн, буйругунан К.П. Кауфманга болгон кастык сезимин байкоого болор эле. Билбейм, анын аскердик таланты Түркстанда жана Сербияда канчалык деңгээлде даңаза болгондугун, бирок анын эч кандай администрациялык талантынын жок экендиги талашсыз эле».23 Ошол эле Г.П. Федоровдун эскерүүсү боюнча, М.Г. Черняев убактысынын көпчүлүгүн санаалаштары менен чогуу өткөрүп, үйүнөн алыс чыкпай ичкилик ичүү менен гана алек болгон. Демек, И.Г. Черняев крайдын келечеги тууралуу камкордук көрүү мындай турсун, айрым К.П. Кауфман тарабынан жасалган алгылыктуу иштерди кыйратуу жолуна өткөн. Маселен, Ташкент шаарында Кауфмандын демилгеси менен 500 миңдей китептери бар ар кайсы тармакты камтыган элдик китепкана түзүлгөн болчу. Көзүнө суук көрүнгөн китепкананы М.Г. Черняев ревизиялоого буйрук берет. Буйрук аткарылып, генерал-губернаторго китепканада Майн Риддин «Черная собака» жана «Желтая Пантерасынан» башка китеп окулбайт экен деген маанидеги маалымат берилет. Бул окуядан соң М.Г. Черняев «китептерди тез арада казармаларга жана госпиталдарга таркаткыла» деген буйругун чыгарат24. М.Г. Черняев тарабынан жасалган вандализмдин натыйжасында, бир жуманын ичинде элдик китепкана бош калган. Бирок көп өтпөй жаңы дайындалган генерал-губернатор Н.О. Розенбахтын буйругу менен китептер кайра кайтарылат. Ошентсе да 100 томдой китеп жок болуп кеткен.
«Түркестан жыйнагынын» үстүнөн иштөө 1907-жылдан тарта кайрадан улантыла баштаган. Жыйнак боюнча түзүлгөн «Систематикалык көрсөтмөдө» белгилегендей, бул ишке алгачкы мезгилде Орто Азияны терең билишкен окумуштуу-чыгыш таануучулар А.А. Диваев, Н.Ю. Бонч-Осмоловский, А.А. Семенов, библиограф И.И. Гейерлер активдүү катышышкан. Натыйжада, 1907-1909-жылдары 127 том жарык көргөн. 1910-1916-жылдардан баштап бул иштин үстүндө А.А. Семенов иштеп, ал 48 томду даярдаган. Ошентип, көп жылдык эмгектин натыйжасында, 594 томдон турган Орто Азия тарыхы боюнча баа жеткис, өз ичине 3000ден ашык макалаларды, атайын эмгектерди камтыган сейрек кездешүүчү тарыхый жыйнак жаралган. «Түркестан жыйнагын» Кыргызстандын тарыхы боюнча ири көлөмдөгү тарыхый маалыматтарды өз ичине камтыган баалуу тарыхый булак катары кароо керек. Анткени бул жыйнакта Кыргызстандын жана кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык,
23
Г.П. Федоров, Моя служба в Туркестанском крае //
24
Г.П. Федоров, Моя служба в Туркестанском крае //