Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 8

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

Ал эми М.И Венюков, Д.И. Романовский, Н.А. Маевдин эмгектеринде «табияттын чектери» аттуу теория сунушталган. Бул теория тышкы иштер министри Горчаковдун 1864–жылдын 21-ноябрындагы циркулярдык буйругунан улам коомчулукка белгилүү эле. М.И. Венюков биринчилерден болуп «табигый чектер» теориясына аныктама берип, ал теорияны жактоочу катары Россия өкмөтүнүн чек ара аймактарында жашаган көчмөндөрдүн токтобогон тынымсыз чабуулуна (кеп казактар жөнүндө болуп жатат) жооп кылып, миңдеген чакырымга созулган коргонуу тилкелерин уюштуруп, аскер кармап, аларды формалдуу түрдө баш ийген казак урууларына каршы коюуга туура келгенин, формалдык баш ийүүчүлүктү чындыкка айландыруу үчүн колонияларды түзүү зарылдыгы жаралганын33 жазган.

      Расмий теорияны жактагандардын башында А. Горчаков турган. Ал Россия Чыгышта өзүнүн «цивилизациялык миссиясын аткаруу үчүн каратып алып жатат» деген пикирди сунуштаган. Анын пикирин колдогон В.В. Григорьев: «Орто Азия элдери өздөрүнүн коомдук өнүгүүсү, маданий деңгээли боюнча артта калган элдердин катарына кирет. Алдыңкы өнүккөн өлкөлөр менен мамиле түзүү алар үчүн прогрессивдүү мааниге ээ. Ошондуктан, Россия Чыгышка «цивилизацияны гана орнотот»34– деп белгилеген. Көпчүлүк авторлор Россия империясынын Орто Азияга жасаган согуштук аракеттерин актоо жана колониялык режимди жымсалдоо иретинде, күнөөнүн баарын жергиликтүү жашоочуларга оодарып, аларды «варварлар, караңгылар» деп аташкан.

      А.И. Макшеев, К. Абаза, М.А. Терентьев А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде Кыргызстандын Россиянын курамына каратылышы боюнча окуялар хронологиялык иретте сүрөттөлгөн. Алсак, конкреттүү тарыхый фактыларды келтирүү менен Кыргызстандын түштүк аймагынын Россияга каратылышы А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде кеңири чагылдырылган. Автор аскердик инженер катары 1876-жылы уюштурулган «Алай экспедициясына»35 катышкандыктан, анын эмгегинде конкреттүү окуялар, даректүү маалыматтар кеңири баяндалган. Каратып алуу процессине карата көп кырдуу көз караштардын өкүм сүргөнүнө карабастан, көпчүлүк авторлор саясаттын түпкү максаты басып алуучулук мүнөздө экендигин танышкан эмес.

      Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Кыргыз элинин XVIII кылымдан XIX кылымдын 70-жылдарына чейинки тарыхы Кокон хандыгы менен тыгыз байланыштуу. Өзгөчө Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздар хандыктын калыптанышынан тарта жоюлушуна чейинки мезгилде активдүү роль ойноп келишкен. Кокон хандыгы боюнча маалыматтар алгачкы ирет орус саякатчылары, падыша тарабынан жиберилген өкүлдөр Ф. Ефремов, Ф. Назаров, Поспелов жана Бурнашев, Н.И. Потанин, В. Григорьевдин эмгектеринде сүрөттөлө баштаса36, кийинчерээк белгилүү чыгыш таануучулар В. Вельяминов-Зернов, А.П. Хорошхин, А. Кун, В. Наливкин жана башкалардын очерктери, көлөмдүү эмгектери, жарык көргөн. Бул эмгектердин негизги өзөгүн хандыктын саясий турмушу, отурукташкан калк менен көчмөн калктын ортосундагы саясий күрөш, ал күрөштөгү кыргыздардын ролу ж.б.

Скачать книгу


<p>33</p>

М. Венюков, Международные вопросы в Азии // Рус. вестник. 1877. № 6.

<p>34</p>

В. Григорьев, Русская политика в отношении Средней Азии. Исторический очерк // Сборник государственных знаний. Т.1. СПб., 1874.

<p>35</p>

А.Г. Серебренников, К истории Кокандского похода // Военный сборник. 1897. № 9; 1899. № 4.

<p>36</p>

Ф. Ефремов, Российского унтер-офицера Ефремова, ныне коллежского асессора, десятилетнее странствование и приключение в Бухарии, Хиве, Персии и Индии и возвращение оттуда через Англию в Россию, описанное им самим // РС. 1898. №7; Ф. Назаров, Записки о некоторых народах и землях средней части Азии Филиппа Назарова, отдельного сибирского корпуса переводчика, посланного в Коканд в 1813 и 1814 годах. СПб., 1821; Поспелов и Бурнашев. Путешествие от Сибирской линии до Ташкента и обратно в 1800 году. // Сибир.Вестник.1818.Ч IV. СПб., 1819; Н.И. Потанин, Записки о Кокандском ханстве хорунжего Потанина (1830 годы) // Вестник РГО. 1856. Ч. 18.; В.В. Григорьев, Современные моменты Кокандского ханства // Труд. Вост. Отд. Русск. Археол. общ. Ч.II. 1856.