Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 16
Аңгыча эле үч-төрт жыл закымдап өтүп кетти. «Бирок азыр кеч күз. Жол өтө ыраак, жолдо дагы колго түшүп, же ит кушка жем болом» деп коркту. Бирин экин кыргыздар жолугуп калабы деп, жакшы санаа менен жүрдү. Ошол үчүн азырынча ушул жерде тура берүүнү самады. Ал абдан күчтүү жана боюу узун келишимдүү кайраттуу келип, тиктеген жандын көңүлүн өзүнө бурдуруп турчу. Камбагай байдын короо-короо коюу, үйүр-үйүр жылкылары жана келишимдүү жасалган үч-төрт арабасы болгон. Ушунча малды Маалик, Жигмид, Хорлоо, Даржа жана башкалар көз салып бакчу.
Маалик аял дегендде эки көзү төрт болгон. Анын келишимдүү денеси ургаачыны самап турган. Ал учурунда эки келин менен көңүл ачып жүрдү. Мааликке көп ургаачылар көз салып жүрчү. Бирок аны жигит көп элес алчу эмес. Анткени ал эрксиз кул болуп жатпайбы. Кул туулган жерин, аялын, балдарын сагынчу.
Камбагай бай жаш кезинде аягы суюк болуп кийин деле ошол жоругун койбоду. Ошондо Үржеңе күйөөсүнө айтты:
– Бай, аягы суюктугуңу койсоңчу, балдарың чоңоюп калды уят,-десе Камбагай каарданып: -Сенин эмне бирдемең кетип жатабы,керек болсо дагы бир аял алам дечү.
Ошону менен Үржеңенин жаагы жап болгон. Ал үшкүрүнө ойлонуп, эркектер болбойт экен жана жакын абысынына байдын сандаган жоруктарын айтты.
Абысыны:
– Аны эмне кыласың байдын денесин баштыкка салып алмак белең,ал көнүп калган бычтырып эле салбасаң үйрөнгөн адатын таштабайт, андан көрө ага билдирбей көңүл ачып жыргап жүрө бербейсиңби,-деген.
Ошондо Үржеңе: «Ким менен көңүл ачам,-деп ойлонду.-Байдын аялы деп мага бирөө жолойбу» .Ал жаш кезинде алты-жети курдай ала жипти аттаган. Бул окуя өтө жаш кезинде болгон. Үржеңе абысынынын кебин эстеп дене боюу жибип жан кумары алоолонду. Кимдир бирөө менен айрыкча жаш дене менен көңүл ачкысы келет. Бирок ким менен анын үстүнө тамакты көп ичип такыр эле толмоч тартып кеткен. Бу куракта аны эч ким карабайт, ким карамак эле. Быякта кашын ирмем моймолжуган жаш келиндер турбайбы. Үржеңе абысынына айтты:
– Сүт толгон эмчектей болуп толуп турам мени ким карамак эле.
Абысыны аны аяп:
– Карайт караганда да эң сонун жигиттер көз артат,-деди тамашалап күлүп.
– Ой,койчу кантип эле,-деди ишеңкиребей
– Мен жардам берем күтүп жүрө бер,сенин да гүлдөөчү маалың келет сенин бул боюнча таштабайм. Экөө тең катар күлүп калышты.
Ошол сүйлөшкөндөн кийин убакыт көп өтпөй, бир күнү Камбагай бай балдары менен иши чыгып кайдадыр бир тарапка кыйла күнгө жөнөп кетти. Баягы абысыны күүгүм кирип эл орунга отурганда Үржеңенин