Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 20
Эки кошуун бетме-бет болуп бирин-бири карап турушту. Эр сайышка калмак тараптан чоң чабдар ат минип шыргыйдай узун болуу жотолуу Эркашка баатыр чыкты.
Калмак тарап:
– Эркашка!
– Эркашка!
– Эркашка!-деп үн салып жатышты.
Кыргыз баатырларынан үчөө атчан бийдин жанына келип:
– Мен чыгам
– Мен чыгам.
– Эркашкага мен чыгам.
Долон бийди тиги калмак найзакери эң эле жотолуу келип, карлуу экени оңой баатыр эмес экени сезтентип турду. Бий жанагы үч азаматка карады да:
– Дагы найза сайышка кимиңер чыгасыңар?
– Мен.
– Мен чыгам,-деп аркы жактан үч азамат кыйкырык таратты.
– Кимдер?– деп жоон үнү менен ошол жакты карады.
Бий узун бойлуу жеерде атчанды чакырды.
– Мен чыгайын кадырлуу бий калмак баатыры оңой жоо эмес.
– Ооба Самансур сен ушул калмак баатырына барабарсыңбы?
– Ооба бийим мен чыгып көрөйүн.
– Сенин минип турган атың начар экен алдырып ийип жүрбө.
– Атты алмаштырайын, бул жаныбар өкүм эмес эң эле жалтак.
Бий арыда турган жотолуу акбоз атчан жигитке кайрылды.
– Сенин атың өкүм экен бербесиңби?
– Ат жерге кирсин берейин,-деп атынан түшүп, тизгинди Самансур баатырга карматты.
Самансур баатыр акбоз атты мингенде кадимки баатырдын элесин берип, башкаларды сестентип турду.
Ал акбоз атты минип болкоюп баатырдын элесин берип атын таскактата жөнөдү. Кыргыздар:
– Кыргыз!
– Кыргыз!
– Манас!
– Манас!
– Самансур!
– Самансуп!– деп кайраттуу үн сала башташты.
Эки баатыр бир-бирине кезек беришкен жок. Түз эле найза кылычты пайдаланып, ач карышкырдай болуп катуу кармашка өттү. Кылыч чабуу жагынан Самансур баатыр кыйын экен. Калмактын баатыры Эркашка калканын тосо коюп, Самансур баатырдын чабуулунан коргонуп жатты. Экөөнүн кармашы бир далайга созулгансып жатты. Калмактын аты өкүм экен Самансурду жөөлөтүп кеткенге аракет кылып жатты, бирок Акбоз ат дагы оңой эмес кенен төшүн тосуп анын каршылыгына оңой эле коргонуп жатты. Ошол кезде калмактын аты обдулуп келип, Самансур баатырды урду эле, кыргыз баатыры