Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 22

Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров

Скачать книгу

Нарын тарапка көчтү сүрөп кете бериңиз биз монголдордун кошууну менен кармашып жүрүп отуралы, тагдырдын жазганын көрөөрбүз,– дейт.

      Долон бий эс учун жыйып бир аз туруп, анан сүйлөй баштады:

      – Суукка анын үстүнө душмандын соккусуна катуу учурап калбадымбы, кулагым каңырыштап, көңүлүм айнып, жер көчүп турат. Мен жүрбөгөн жер калдыбы, мен өтпөгөн бел калдыбы? Нарын, Ат Башы, Ак Сай жайлоолорунда жүрдүм. Алыскы Эне Сай өзөнүндө балалыгым өмүрүм өттү Монгол, калмак чапкынында кадым. Калмак чапкынында оң саныман ал эми желмогуз «Жажут-Мажутта» оң бөйрөгүм жарадар болду. Балдар силерге ишенем элди жоготпой, эл менен бирге болгула,– деген осуятын айтты. Баатыр алсыз болсо да кошуунду калтырууну каалабады. Ал алсыз болсо да кошуун менен бирге болууну каалады.

      Ары баатыр, ары чечен, ары журт башчысы, ары санжырачы Долон бий өзүнүн өмүрүнүн аяктап баратканын билди. Бирок ошондо да акыркы майданга баатыр катары чыгып, элине туу казык болуп кайрат бергени сезилип турду. Баатыр элинин келечегин, элинин эртеңин ойлоп санаага батып турду. «Аз журт жок болуп кетпегей эле»– деп турду. Калмактар эч теке эмес, алар менен кармашып жеңип келгенбиз анын үрөйүн желмогуз «Ажут- Мажут» Чынгыз хандын кошууну учуруп турду.

      Долон бий демигип туруп айтты:

      – Мен жарадар болдум, көч менен кете берейин. Силер көчтү коргоп арт жактан келгиле, булар менен чебердеп кармашкыла, биз Нарын аркылуу түштүккө, башка жакка өтүп кетпесек айла кетип калды. Монголдордун мынча коп кошуунун эч убакта жеңе албайбыз.

      Кара баатыр Долон бий менен кучакташып коштошту. Алар каза болгон кыргыз баатырларынын сөөгүн карга-кузгунга жем кылбай ариеттеп көмүштү. Кудайга жалынышты. Кыргыз эли, баатырлар «жок болуп кетпейли» деген улуу ойду ойлоп жатты.

      Улама боюнча ошол монголдор менен болгон согушта Долонбий баатырдын канаттуу Кара жорго күлүгү кыргыздын бир тоосунда окко учуп өлдү. Баатыр жоргосун жоктоп, анын көкүл жалын кесип алып ыйлап турду:

      – Касиеттүү жаныбарым, сени менен канча жыл бирге болдум, сенин талбаган канатың бар эле. Эми кош бол жоо огунда жок болдуң. Сени тиги чын дүйнөдө минип жоолрду бул жерден сүрүп жоготом,– деп ыйлап турду.

      Ошол касиеттүү жер «Кара жорго» тоосу деп аталып калды деген элде имиш бар. Береги катуу согушта кыргыз баатыры Окторкой чоң эрдикти көрсөтүп, каза болгон жер анын арбагын сыйлап жоокерлер ошол аймакты «Окторкой» деп атаганын санжырачылар айтып жүрүшөт. Ал эми дагы бир кыргыздын алдуу күчтүү намыз бербес баатыры Оргочор дагы кыргыздарды коргогон тайманбас баатыры болуптур, ал дагы каза болуп ошол Монголдор менен болгон согушта каза болгон экен. Эл баатырын такыр унутпай ошол жерде «Оргочор» деп атаптыр.

      ***

      Кыргыз көчү аман калууну айласын издеп Нарын аркылуу түштүккө карай илкип-калкып кетип баратты. Көчтү эр жигиттер коргоп келет алар тынымсыз көчүп келатты. Антпесе монголдор бул көчтү түп оорду менен жок кылып кеткен жатпайбы. Көчтү башкарып келаткан бийдин ден соолугу

Скачать книгу