Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 26

Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров

Скачать книгу

балдарга берген жакшылыгыңызды эки дүнөдө унутпайм.

      – Капа болбо карындашым, бардыгы оордунда болот,-деп аттарын таскактатып желдирип баратышты.

      Жанагы созулган жол, топ атчандарды өр таянтып, жайлоодогу Бекназар байдын үйүнө карай алпаратат. Бабалар баскан ыйык жол.

      Ошондон көп өтпөй эле: «Тагай бий күйөөсү өлгөн келинге элүү кой, беш жылкы, төрт уй, бөлдүрүп, берип, аны камсыз жерге көчүрүп барып, чоң жакшылык кылыптыр» деген кеп тарап кетти. Бийдин калыстыгы элге тарай баштады. Ага арызданып келип, каалаган максатына жеткендер өтө көп болгон. Эч бир адамдын тагдырынан кыйгач өткөн эмес. Тагай бийдин бир канча жардамчылары болгон. Ал ошолор аркылуу адамдардын тагдырынын оңолушуна дайыма көз салып турган. Мугамыр киши баласы жер үстүндө жакшылыкты көп жаратса, бактылуу адамдар көп болоорун ушул санжыранын өзү эле айгинелеп жатпайбы. Бийдин кан-жанына ошондой жакшы элес сиңип калган. Ал баардык эл бай-жарды дебей бактылуу турмушта жашасын дегени эле.

      ***

      ЧОҢ ашка алыс-жакындагы паразаттуу адамдар келишти. Ал жерде ат чабыш, жорго жарыш, улак тартмай, төө чечмей иши кылып, кыргыз оюндарынын көп түрүнө байге берилди. Эл казганактап, күлүктөр эртең менен эле коё берилип, «эми кимдин күлүгү келеер экен» деп күтүп жатышты. Күлүк чапкан ар бир кишинин жылдызы асманга көкөлөп учат. Ал арада көп оюндар болуп өтүп, күлүктөрдүн келеер маалы чукулдады.

      Адамдар:

      – Астыда Желдеңдин Актуягы келатат.

      – Ал Желдеңдики эмес Бөрүбайдыкы.

      – Бөрүбай аны Желдеңден тартып алган.

      – Бөрүбай оңбосун ал Желдеңди сыздатты.

      – Анын үстүнө кудалары алдуу-күчтүү эмеспи.

      Желдей сызган жаныбарлар учуп-күйүп марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат үстүндө күлүктөргө олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен тең ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алдыңкы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага өтө жакындап келди. Аны буюрса, чоң байге күтүп жатат. Тагай бий чоң акбоз аттын үстүндө күлүктөрдү суктануу менен карап турду. Өзүнүн Керкашка күлүгү үчүнчү болуп келатат. Ал аттын сырын өтө жакшы билчү эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан чаң улам берилеп келатат. Чаң менен кошо күлүктөр да берилеп келатышты. Адамдардын көзү күлүктөргө тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. Күлүктөр марага тарсылдата туяк эше учуп-күйүп кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер үстү дүңгүрөп токтобой көчүп турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, үчүнчү бийдин Керкашкасы чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап

Скачать книгу