Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 25

Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров

Скачать книгу

Айтчы тууганым? Бийдин тобу кетип баратат. Жол кетип баратат. Күн ысык алдыдан токтоно албай термелип мунарыктын артынан закымдап мунарык сызат. Тоолордун башында кылайган булут жок. Булут болсо, шамал айдап ылдый сүрүлүп, бобереги каны катып турган талаага жаан төгүп кетсе, денесине суу кирип тирдене жашарып, өсүмдүктөр өсүп калаар беле?

      Бийдин тобу кетип баратат. Асманда ыйык күн да чыгыштан батышка карай кетип баратат. Астыга жарыша кеткен чаңы учуп куп кургак уланган жолдор. Жарыша кеткен жолдо сапар кетип бараткан байыркы биздин бабаларыбыз. Бул жолдор менен кимдер өтүп, ким гана баспаган. Атчаны да өттү, жөөсү да өтүп, жамактата ыр төгүп ырчылары да өттү. Сын айтып сынчылары да өттү. Төрт буттуудан түйшүк тартып, түлкү өтүп, караңгыда кайыгып карышкыр өттү. Боз чаңгыл баскан ай-ааламдын, асмандын улук бийи күн эне болсо, бул бараткан адамдарга жол көрсөтүп, ээрчитип бараткан адам бий Тагай эле.

      Бий минген акбоз беркилерден озуп астыга чыккысы келип, өкүмдүгүн көрсөтөт. Бий тизгинди тарта, жанындагылар менен тең келатат. буудандын тизгинин коё бербей ал бирдей укукту сактагысы келет. Жол жүргөн атчандар бат эле ээрчише дөмпөйгөн боз дөбөлөргө жете келип, алардын аралап баратып, эбак эскирип эскилиги жете жыртылып, куну кеткен, бир боз үйгө туш келишти. Арыда аркандалган жалгыз музоо. Жыйырмага жакын кой-эчки. Байланган кулун тигинде бир бээ оттоп, анын жанында музоосун жаш тууган бир уй турат. Бээ менен уйду саайт шекилдүү. Тагай береги боз үйдү ойго батып карап калды да ат тизгинин аргасыздан ошол жакка бурду. « Боз үй талаада эмне үчүн жалгыз калган? Жалгыз калышына эмне себеп? Бий бул боз үйдүн жалгыз калышында бир арман бар экенин сезди. Бий эски боз үйдү калтырып кете бербейт эле. Анын канында кайнаган журттун каны согуп турбайбы. Эгер ушул жалгыз калган боз үйдү таштап кетсе анын бий болгон даңазасы кайда? Артында келаткандардын жини келип, кеткенин өңүнөн билинип турду. Бий атынын башын каякка бурат? Ысыкта кейпи кеткен боз үйгө барып дагы көпкө отурат. «Биз ушинтип талаадагы жалгыз боз үйлөрдүн ар бирин кыдырып чыгабызбы»– деп ичинен күлгөндөр болушту. Ат туягынын дүбүртүн уктубу боз үйдөн кийми жыртык удаалаш чоңойгон эки бала көрүнүп, бирөө үйгө кирип, бир аялды ээрчитип чыкты. Күңгө күйгөн кара тору ургаачы башынадагы кара жоолугу небак эскирген, боз көйнөкчөн өңүндө «Дагы кимиси келатат»– деген убайым бар эле. Бир жигит чаап келип, бийди ээрден түшүрүп аттын чылбырын казыкка байлады. Келин келген жолоочуларга салам берди.

      Бий жагымдуу:

      – Карындашым бу дүнөдө барсыңбы, амансыңбы?

      – Аманчылык, агам бар болуңуз, келиңиз,– келин дагы жаадырай бийдин суроосуна ылайыктуу жооп берди.

      Бий алачыктын жанындагы талпакка көсүк басып, калгандары анын жанына кыркалакей отурушту.

      Ак үйдөн дасторкон алып чыгып, жерге жайып, каймак, талкан койду. Анан көнөккө кымыз алып чыгып куя баштады. Отургандар дасторконго бата кылышты. Бий жыгач аякты алып, кудайга

Скачать книгу