.

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу - страница 2

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
 -

Скачать книгу

Жанагы жарыядан соң зал жаңырта кол чапкан эл президиумга эңгезердей бирөө салабаттуу басып чыгат го деп ойлогон окшойт. Анан чыпалактай гана бою бар, гимнасттардай чапчаң жигиттин алдыга атып чыкканын көргөндө айран-таң калгандай зал бир саамга дымый түшөт. Анан трибунадан башы гана көрүнгөндө кайрадан аба жарган кол чабуулар жаңырат…

      Арийне, бул жыйында Ташиев областтын экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу, эл чарбасын көтөрүү боюнча алдыда турган милдеттер аны жоюу жолдору жөнүндө өзүнүн ой-пикирин ортого салып, элдин оборун кызытып таштайт. Жыйынга келгендер бул жетекчинин туура тандалгандыгына аябай ынанып, кандидатурасын бир добуштан кубатташат. Ошондогу окуядан саал ызалана түшкөнбү, же жөн эле азилиби ал өз энесине кайрылып: – Ээ жарыктык, апа, ушу мени бөбөк кезимде бешикке бөлөсөңүз керек. Болбосо, менин деле боюм элдикиндей эки метрге жакын өспөйт беле. Азыр минбарга /трибунага/ чыксам, бири көрсө, бири көрбөй калып жатат, – деп калат. Анда энеси: – Кагылайын каралдым, мен жараткандан сага теректей бойду эмес, терең ойду, бак-таалайды сураганмын. Тиги улуу Ленин деле, жетекчибиз Раззаков деле орто бойлуу адамдар турбайбы. Сен деле ошолордой болсоң, боюң эмес, мартабаң көккө жетпейби, – деп жооп кайтарган экен. Дегинкиси Кулназар аганын энеси өтө зээндүү, бары-жокко көзү жеткен киши болгондугун айгинелеген далай мисалдар бар.

      Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири – молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!

      Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин үч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун көтөргөн бойдон мектебине жөнөшөт. Анда ошо кездин Дүйшөндөрү өздөрүндө жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жаңы замандын жарчыларын – «жылаңач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей көрүшө турган. Алардын канчасы советтик түзүлүштүн активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы өлкөнүн бүт булуң-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон Өзгөн өрөөнү да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады…

      Анда элдин карды тоюнуп, үстү бүтөлө элек кез. Эски-ускудан жамап-күрмөп тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски көрпө тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул түндүк уюлдай суук бөлмөдө окуучулар тоңуп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш

Скачать книгу