Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип страница 4

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип

Скачать книгу

учкун алдында жүрүп, рухий дүйнөсүн байытууга, учурдун талабына жараша татыктуу тарбиячы болууга умтулган. Басса-турса анын колунан китеп деген түшчү эмес. Ушундан улам ал Фрунзе менен Ташкент тарапка каттаган тааныштары болсо, китеп алып келүүнү өтүнө турган. Адам умтулса, эмнелерге жетерин, алдыга кандай улуу максат коюп жашоо керектигин туюнтуу менен өзү туу туткан принциптер тууралуу кабардар кылган. Мындай жолугушуулардан соң өспүрүмдөрдө аң-сезим ойгонуп, өлкө ишине жараган жаран болуу жөнүндө ойлор обор кызытпай койбогон…

      Дегинкиси, Кулназар өз курбалдаштарынын жан-дүйнөсүн жакшы билүү менен аларды айтканына ынандырып, артынан эрчитүү үчүн жекече үлгү көрсөтүү да керектигин түшүнгөн. Ошондон улам ал мектепте эле жалаң окуунун отличниги болуу менен чектелбестен пионер вожатыйлык милдетти да аткарып, комсомол уюмуна жардам берген, анын тапшырмаларын так аткарган. Анын окуу отличниктеринин республикалык майрамына Куршап ЛЖС райкому жана райОНОсу тарабынан делегат катары жиберилиши да бул сөзүбүздү ырастайт.

      Комсомолдун райкомунда бир жыл иштегенден кийин Кулназар билимин өркүндөтүп, бир адистик алууну чечет. Анын бул оюн бюро мүчөлөрү кубатташып, эң жакшы мүнөздөмө менен жолдомо беришет. /Бул жерде Кулназар аганын ашкере тыкандыгын ашкерелеген бир фактыны айта кетүү абзел. Ал 1934-ж. «КП» газетасына жарыяланган кабардан баштап, өмүрүнүн акырына чейин өзүнө тиешелүү болгон документтердин бардыгынын көчүрмөсүн тиркеп жүргөн. Андыктан бул инсандын таржымалына, басып өткөн байсалдуу жолуна кызыккан изилдөөчүлөр ар кыл архивдерди аңтарып убараланбастан андан калган ушул мураска эле кайрылса, каалаган маалыматын табар эле/.

      Кыязы айыл жеринде туулуп-өсүп, дыйкан эмгегинин баркын билгендиктен жана анын акыбетин кайтаруу үчүн агротехниканын мааниси канчалык экендигине көзү жеткендиктен ал Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Коммунисттик айыл чарба мектебин тандап алган. Кийин институтка жерпай болгон бул окуу жайында ошол кездеги кыргыздын алгачкы айыл чарба адистери сабак беришкен. Алардан кийин ири илимпоздор өсүп чыккандыгы да белгилүү. Мектеп аталганы менен мында кеңири профилдеги жана жеткилен билими бар адистерди даярдашкан. Тубаса талантынанбы, же турмуштук тажрыйбасынанбы – ошондой мектеп, техникумдарды 30-жылдары аяктагандардын жогорку окуу жайларын бүткөн адистерден кыйла артыкчылык кыларына биз көп эле күбө болгонбуз.

      Акыйкатында ошолор эл чарбасынын бардык тармактарында командир болушуп, өлкөнү «буурусундан атомдук куралы бар державага» чейин көтөрүп чыгышпадыбы! Бул революциялык дух жараткан күжүрмөн күрөштүн жемиши жана жеңиши болгон. Ар-бир атуул андан Мекени эмне күтүп жаткандыгын айкын түшүнгөндө жана жоопкерчилигин сезгенде ар-кандай бийиктик алына тургандыгын тарых өзү көрсөттү. Кечээ эле караңгылыктын касабасы каптап жаткан кыргыз жергесинде кооперациялар, коллективдүү чарбалар уюштурулуп анын артыкчылыгына баарынын

Скачать книгу