Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип страница 8

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип

Скачать книгу

июнь айына чейин Ыраакы Чыгыш фронтунун өзгөчө курулуш корпусунун 2-полкунда аткыч, андан соң аткыч-минометчик катары кызмат өтөгөн соң 15-Армиянын кенже лейтенанттарды даярдоо курсуна жиберилип, аны ийгиликтүү аяктайт. Башынан тырышчактык, намыскөйлүк мүнөздүү Куршабдын кулуну кай жерде болбосун өзүн эң мыкты жагынан көрсөтүүгө жетишип, камчы салдырбаган.

      Ошол учурда акын Жоомарт: «Ааламдын жүзүн өрт чалып, кара жалын каптады» деп жазгандай фашисттик баскынчылар тынчтык жөнүндөгү келишимди кыянатчылык менен бузушуп, түн жамынган каракчыдай Мекенибизге капыстан кол салып кирип келди. Гитлердин түзгөн “ Барбарос» планы боюнча «блицкриг» чабуулу менен өлкөнү 1-2 айдын ичинде бүтүндөй басып алып, советтик куралдуу күчтөрдүү тып-тыйпыл кылмак жана жарандарыбызды кулга айлантмак. Бул ашынган жырткычтык кылмышты ишке ашырууда Венгрия, Италия, Румыния жана Финляндия фашисттик Германиянын союздаштары болушкан. Согуш башталар алдында душман СССРдин чек арасына такай 5,5 млн. аскерин, 3700 танкасын, 5000 самолетун жайгаштырган болчу. Ал эми Советтик Армиянын аларга каршылык көрсөтчү 2,9 млн. аскери, 1800 оор жана орто танкасы, жаңы конструкциядагы 1540 самолету гана даярдалган эле.

      Ушул фактылардан көрүнгөндөй фашисттик куралдуу күчтөр бардык жагынан дээрлик биздикинен эки эсеге артыкчылык кылган. Текеберлиги жана ажаандыгы ашынган Гитлер шаар, кыштактарыбызды ойрон кылып, анда жашаган жазыксыз жарандарыбызды үй-жайы менен күлгө айлантмакчы болгон. Бирок, ал кандуу кармашта тагдырды чечүүчү башкы факторго —советтик элдин биримдигине, болоттон бек достугуна маани берген эмес экен. Капыстан кол салуу менен чак-чалекей түшүрүп, Уралга чейин кара кыяндай каптап өтмөкчү болгон анын арам ою ишке ашпастыгын Брест чебин коргоочулардын айыгышкан каршылыгы эле айгинелеген. Бул чептин эр жүрөк жоокерлери күчтүн тең эместигине, курал-жарактын жетишсиздигине карабай кара таандай каптаган душманга багынып берген эмес. Фашисттер бир айдан ашык убакыт бою алалбаган чептин коргоочулары чыныгы баатырлыктын үлгүсүн көрсөтүшкөн жана эң акыры минутага чейин салгылашып, курман болушкан.

      Дал ушундай алаамат башталып, кызыл кан кыяндай агып, адам жайрап, калаалар кыйрап жатканда кимдин каны кайнабай коймок?! Кулназар сыяктуу адистик алып калган, атайын даярдыгы бар катардагы жоокерлер эмес, орто мектепти жаңыдан эле бүткөн улан-кыздарыбыз Ата мекенди коргоп, азезилдей жутунуп келаткан көркоо душманга каршы аттанганы аскер комисариаттарына агылып келип жатышпадыбы! Арийне, алардын көбүнүн жашы 18ге толуп да толо элек болчу. Ал эми баралына келип, бакандай күч берчү азаматтар биринчи кезекте аскерге чакырылышты. Мында учкун алды болуп, Кулназардын агалары Маматалы менен Мураталы канкорлор менен кандуу кармашка аттанат. Жетиден калган үч чүрпөсүнүн аягына туруп, адам катарына кошулганына каниет кылып, Жаратканга ичинен ыраазычылыгын миң кайталап жүргөн Гүлкан апанын башына кандай кайгыны

Скачать книгу