Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип страница 7
Албетте, бул иштер жаңыдан гана башталып олтурган эмес эле. Октябрь революциясын жасаган улуу эл пролетариат диктатурасын орнотуу үчүн кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечирбеди. Өлкөнү азырак аягына тургузуп алыш үчүн биз күнкор кейпин кийген Брест келишимин түзүүгө аргасыз болгонбуз. Аяк-башты жыя электе Антанта ар-тараптан ач бөрүдөй катылып кирип, бейпил элге бүлүк салып жатты. Ал аз келгенсип, Колчак, Юденич, Врангелдин бандалары өлкө ичинде кызыл кыргын салып, ачарчылык алсыраткан элди алааматка кабылтты. Ушундай мүшкүл да каарман элди мүңкүрөтпөй жеңишти сактап калуу үчүн ар-кандай курмандыкка баруудан баш тарттырбаган. Эрдик, эрк менен ажаандыгы ашынган жексурлар жексенделип, жаңы турмуштун жерпайы бекемделе берген.
Анын арымдуу жүрүшү эл жышырак жайгашкан борбордук райондордон гана байкалбастан алыскы түндүктө да, Ыраакы чыгышта да кеңири кулач жайган. Кулназар курбалдаштары менен бир айга жакын убакыттын ичинде араң жеткен ушул эле Комсомольс-на-Амуре шаары 1932-жылы советтик жаштардын демилгеси менен курулуп, мурдагы бирин-серин кепелери бар кыштак таанылгыстай болуп өзгөргөн эле. Анда кара металлургия, кеме куруу, машина куруу жана азык-түлүк өндүрүү боюнча ири ишканаларды түптөө жумуштары башталып жаткан. Мунун бардыгы келечекте куралдуу күчтөрүбүздүү керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз кылууга тартылмак.
Ошондон улам аскерге чакырылгандардын жаңы тобу кеме куруу жана авияциялык заводдун анда кызуу жүрүп жаткан иштерине чегерилген. Бирок, бул тоолуктар көнгөн кош айдоо, эгин оруп-жыйноо, мал багуу сыяктуу жумуштардан айырмаланып, атайын адистикти да талап кылган. Андыктан атайын ачылган курстарда бетонщик, арматурщик, жыгач усталык, электриктик кесиптерге даярдоо милдети алдыда турган. Кулназар Ыраакы Чыгыш аскер командованиесинин карамагындагы курулуш корпусунун 2-полкунун 4-ротасына бөлүнөт. Арийне, мында адистикти үйрөтүү менен жоокердин саясий аң-сезимий көтөрүүгө, дене-тарбия жагынан бакыбат болушуна жана Мекенге берилгендик духунда тарбияланышына зор көңүл бөлүнгөн.
Башка жааттардагыдай эле ал кезде аскердик кадрларга да каатчылык болуп, өзгөчө саясий жетекчилер жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койбогон. Мунун жүйөлүү себеттери бар эле. Анткени, кечээ эле караңгылык каптаган Россия империясынын калкы жапатырмак кат таанууга өткөнү менен али сабатсыздык толук жоюлуп бүтө элек кез. Анда азыркыдай аскердик адистерди даярдаган окуу жайларынан, академиялардан бири да жок. Кенже