Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси. Ильгиз Талип
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - Ильгиз Талип страница 10
Маматалы кайрадан катарына кошулган аскердик бөлүк айыгышкан салгылаштар менен улам алдыга илгерилеп жаткан. Түтүндөн туманданып, күйүк жыттанган күзгү талаа. Ок-снаряд тийип оңурайбаган жер жок. Бомба түшкөн жерлер өзүнчө эле орго айлангандай. Мында коргонуп жаткан канча жалоондой жарандын бедени барчаланып, сөөгү сөпөт болбоду. Анткени бирде биздикилер чабуулга өтүп, бирде душман жанталаша жапырап кирип, жер астын-үстүн түшүп жатканда канча азамат топурак менен жуурулушуп, заматта күмжам болуп кетишпеди. Аларды дарексиз жоголгон деп эсептешип, кара кагаз деген калабалуу кабарды да жиберишкен. Мындай күдүк күпүрдөн соң өлүк-тириги белгисиз жоокердин душман колдуу болдубу деген шек-шыбаа да туулбай койбогон. Андан көрө эки аяк, эки колдон, же эки көздөн ажырап келген артыгыраак көрүнгөн. Атаганат, Ата менен үчүн кан-жанды арноо дегендин чен-өлчөмү ушундай болгон турбайбы. Биздин жеңилбегендигибизди бир себеби да ушунда жаткансыйт…
Биздин тарап душман ээлеп жаткан пунктту бошотуш үчүн чабуулга өткөнү артилериялык даярдыкты баштаган эле. Дал ушуну эле күтүп тургандай фашисттер да ар кыл куралдардан күпүлдөтө ок жаадырып, бомба жүктөлгөн учактарын шукшурултат. Жарылуулардан абада алай-дүлөй жүрүп, көк түтүн менен тозоңдон күндүн бети көрүнбөй калат. Согуштук техника жагынан колдоо алган биздин бөлүктөгүлөр: «Родина үчүн! Сталин үчүн!» деген ураан менен жапырт чабуулга кирет. Адаттагыдай эле жоокерлердин алдыңкы сабында бараткан Маматалы көктү карай бир серпилгенин билет…
Ал көзүн ачканда талаа госпиталында жаткан эле. Буттары мултуйта таңылып, ага дененин жарымы жоктой сезилет. Көрсө, чуркап баратканда душман жашырган мина жарылып, эки бутту кыйып кеткен экен. Бул кордукка кантип чыдаарын билбей ал өксүп ыйлагысы келди «эми адам катарынан чыккандыгым ушул» деди. Бул абалында ал өмүрүнөн да кечүүгө кайыл эле. Анын ызага батканын туюп турган ак чач врач, акырын маңдайын сылап:-Эй тоо барчыны, багың бар экен, дагы аман калып олтурбайсыңбы! Сенин катарыңдагылардын канчасы жайрап, асыл өмүрүнөн айрылды. Кудайды алка, көрөр күнүң, ичер сууң бар экен. Буюрса