Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 17

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

жүгүртүшсѳ болот.101 Баса, Стамбулдун чок ортосунда жайгашкан «Таксим» аянтындагы эстеликте Ататүрктүн жанында турган аскер башчыларынын бири Михаил Фрунзе болуп саналат.

2000-жылы Анкара университетинин профессору Саадеттин Ягмур Гѳмечтин «Кыргыз тарыхы» аттуу эмгеги «Акчаг» басмаканасында жарыяланган.102 Китепте Хун доорунан эгемендүүлүк жылдарына чейинки кыргыз тарыхы кыскача баяндалган. Аты аталган эмгек кийинчерээк «Берикан» басмаканасы тарабынан да басылып чыккан.103 Гѳмечтин тѳрт жолу кайра басылган «Кыргыз тарыхы» китеби, Түркияда кыргыз тарыхы боюнча эң кѳп сатылган эмгек болуп эсептелет. Агайдын расмий баракчасында аталган эмгектин 2016-жылы Тебриз шаарында арапча тамгалар менен жарык көргөнү билдирилген.104

Ош мамлекеттик университинин Теология факультетинде иштешкен түрк мугалимдер 2000-жылдарда кыргыз тарыхына кошумча булак катары колдонула турган китептерди жарыялашкан. Проф. Д-р. Сейфеттин Эршахиндин 1999- жылы жарыялаган китеби кыргыздардын исламды кабыл алышын иликтесе,105 Проф. Д-р. Мустафа Эрдемдин китеби кыргыздардын социалдык-тарыхый абалын жакшы чагылдырып берген.106 Ал китептер Түркияда кыргыз тарыхы боюнча изилдѳѳ жүргүзгѳндөр тарабынан сѳзсүз окулган китептердин катарына кирген.

2000-жылы Фейзуллах Будактын «Кыргызстандын өтмүшү, бүгүнү, келечеги (Kırgızistan: Dünü, Bugünü, Yarını)» аттуу китеби жарык көргөн.107

2001-жылы кыргыз илимпозу Абдылдажан Акматалиевдин «Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар» аттуу китебинин түркчө котормосу «Ататүрк маданий борбору» тарабынан басып чыгарылган.108 Китепте кыргыз тарыхый каармандары боюнча маалыматтар камтылган. Ошол эле жылы аты аталган мекеме Четин Жумагуловдун Оштогу эпиграфикалар боюнча эмгегин жарыялаган.109 Бул эки китепти тең түрк тилине Калмамат Куламшаев которгон.

Кийинки жылы Василий Бартольддун кыргыздар боюнча жазгандары Уфук Дениз Ашчы тарабынан которулуп, Кония шаарында ѳзүнчѳ китеп болуп жарык көргөн.110 Бул эмгектин Кония шаарында басылганын баса белгилегенибиздин себеби, Түркияда китептер негизинен Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жарыяланат жана Түркиянын башка шаарларында китептер сейрек басылат. Бартольддун эмгегин жарыялаган «Кѳмен» басмаканасы 2018-жылы Белек Солтоноевдин «Кыргыз тарыхы» деген эмгегин эки том кылып жарыялаган.111 Солтоноевдин эмгеги Ататүрк университетинин доценти Майрамгүл Дыйканбаева тарабынан түрк тилине которулган.

2003-жылы Аскар Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас» китеби Стамбул шаарында түрк тилинде жарыяланган. Китепти Салиха Ибрагимова, Эргешбай Рахманов жана Тугба Шимшек орус тилинен которушкан.112 Ушул эле жылы түрк окумуштуусу Октай Беллинин Кыргызстандагы балбал таштар боюнча китеби басылып чыккан.113 «Археология жана искусство» басмаканасынан чыккан китепте кыргыз тарыхы

Скачать книгу

101

Yavuz Aslan, Mustafa Kemal-M. Frunze Görüşmeleri-Türk-Sovyet İlişkilerinde Zirve, İstanbul: Kaynak Yay., 2002, 147 s.

102

Saadettin Gömeç, Tarihte ve Günümüzde Kırgız Türkleri, Ankara: Akçağ Yay., 2000, 2002, 111 s.

103

Saadettin Gömeç, Kırgız Türkleri Tarihi, Ankara: Berikan Yay., 2009, 2011, 168; 2014, 223 s.

104

“Prof. Dr. Saadettin Yağmur Gömeç”, Ankara Üniversitesi, http://cv.ankara.edu.tr/[email protected]&deger=1, (Алынган датасы: 26.07.2019).

105

Seyfeddin Erşahin, Kırgızlar ve İslamiyet: Göçebe Bir Türk Boyunun İslamlaşma Tarihi Üzerine Bir Deneme, Ankara: SEK Yay., 1999, 210 s.

106

Mustafa Erdem, Kırgız Türkleri, Ankara: ASAM Yay., 2000, 291 s.

107

Feyzullah Budak, Kırgızistan: Dünü, Bugünü, Yarını, Ankara: Ocak Yay., 2000, 112 s.

108

Abdıldacan Akmataliyev, Kırgız Folkloru ve Tarihi Kahramanlar, Çev. Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay., 2001, 382 s.

109

Çetin Сumagulov, Oş Şehrinin Epigrafik Anıtları, Çev. Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay., 2001, 85 s.

110

Vilhelm Barthold, Kırgızlar, Çev. Ufuk Deniz Aşçı, Türk Dünyası Tarihi Serisi 3, Konya: Kömen Yay., 2002, 99 s.

111

Belek Soltonoyev, Kırgız Tarihi, 1-2, Çev. Mayramgül Dıykanbayeva, Konya: Kömen Yay., 2018, 324 s.

112

Askar Akayev, Kırgız Devlet Geleneği ve Manas, Rusçadan çev. Saliha İbrahimova, Ergeşbay Rahmanov, Tuğba Şimşek, İstanbul: Da Yay., 2003, 407 s.

113

Oktay Belli, Kırgızistan’da Taş Balbal ve İnsan Biçimli Heykeller, İstanbul: Arkeoloji ve Sanat Yay., 2003, 166 s.