Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 14

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

стили менен Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү мимарлыктын анык үлгүсүн ташыйт. Күмбөздүн негизги өзгөчөлүктөрүнөн бири кириш бөлүмүнүн айбанча түрүндө болушу десек болот. Айбанча өзүнчө бир бөлүм катары чамгарактуу негизги бөлүм менен биригип турат. Күмбөздүн киришинин айбанча түрүндө болушу, XIII-XIV кылымдарда Анадолуда учуратылган негизги бөлүм жалгыз айбанча аркылуу сыртка ачылган «айбанча күмбөздөрдөн»79да, кириши айбанча сыяктуу кенен аркасы болгон Анадолу бектиктери доору архитектурасынан, тагыраак айтканда, Гермияногулдары, Айдыногулдары, Саруханогулдары жана Ментешеогулдары сыяктуу Батыш Анадолу бектиктеринде учуратылган жалгыз көлөмдүү күмбөздөрдөн80 да айырмаланып турат. Анадолу аймагында алды жагы айбанча түрүндөгү күмбөздөрдү XIII кылымдан тарта учуратууга болот.

Булар классификацияланганда бир группанын ичине кирген менен негизги бөлүмү жана айбанчасынын түзүлүшү, айбанча менен негизги бөлүмдүн туташкан жери, жалпы көрүнүшү, өлчөмү, чатырча системасы жана көлөмү боюнча Кыргыздар күмбөзүнөн аябай айырмаланып турушат. Мындай күмбөздөр Анадолудан сырткары Селчук доорунда Хорасан жана Дехистан аймагында жана XI-XII кылымда Орто Азияда учураган. Бул имараттарда төрт бурч, цилиндр же болбосо көп бурчтуу негизги бөлүмдүн киришине айбанча сыяктуу жайлар бириктирилип жасалган. Улуу Түрк Кагандыгына тиешелүү Пенжикенттеги күмбөздөрдүн асты жагында айбанча сыяктуу сыртка чыгып турган босоголорунун болгону кызыгуу жаратат. Чыгыш жери Орто Азия экени белгилүү болгон жана «прототип» катары көрүлгөн ошол аймактагы эң эски имарат урандыларында колдонулган бул план түрү Осмон доорунда көп жайылбаганы менен күмбөздөрдө колдонулганы белгилүү.

Мындай имараттардын бири, Кыргыздар күмбөзү менен жашташ, кириш бөлүмүндө айбанчасы болгон Бурса Мустафа Кемал Пашадагы Лала Шахин Паша күмбөзү81 десек болот. Изникте курулган, бирок азыркыга чейин сакталып калбаган Ажы Хамза мечити,82 сүрөттөрүнөн көрүнүп тургандай, айбанчасы бар кириш бөлүмү кенен, сырткы көрүнүшү да Кыргыздар күмбөзү менен байланышы бар экени далилдеген бир үлгү катары маанилүү. Кириш бөлүмү айбанчалуу 1450-жылы курулган Бурса Абдал Мехмед күмбөзү83 кийинчерээк курулганы менен имараттын негизги бөлүмүнүн чамгарактуу болушу, айбанчалуу кириши жана курулуш комплексинин окшоштуктары боюнча Кыргыздар күмбөзү менен салыштырылса боло турган күмбөздөрдөн бири. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн чамгарагы жапыз, устундары да кыска, кириштеги айбанчасы Кыргыздар күмбөзүнө салыштырмалуу аябай эле тар, жапыз жана терең эмес. Кыргыздар күмбөзүндө айбанча жандарына чыгып турат. Бул жерде болсо, андай нерсе жок. Эки күмбөздүн айбанчалуу кириши менен негизги чамгарактуу бөлүмдөрүнүн бириккен жерлери бирдей. Албетте, бул жерде Кыргыздар күмбөзүнө кийинчерээк кээ бир кошумчалардын жасалганын, дубалдары менен устундарынын бийиктетилип, мунун натыйжасында чамгарактын жапыз көрүнүп калганын да эсепке алуу

Скачать книгу

79

M. Sözen, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.

80

Sözen, a.g.e., s. 208.

81

O. Aslanapa, Yüzyıllar Boyunca…, s. 185; Y. Ötüken ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eski Eserler, IV, Ankara 1986, s. 527-530.

82

Otto-Dorn, a.g.e., s. 180; Ayverdi, “Orhan Gazi…, s. 121-122.

83

Türkiyede Vakıf Abideler ve Eski Eserler, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983, s. 248-249.