Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 15

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

style="font-size:15px;">      Жыйынтыктап айта турган болсок, Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү деп эсептелген Кыргыздар күмбөзү, өткөөл доордогу бардык курулуштар сыяктуу эле XİV кылымдагы Анадолунун ар кошкон чөйрөсүндөгү түрдүү таасирлерди өз ичине камтыган имарат. Ушундан улам имаратты жалпы жонунан баалап караганыбызда жалгыз бир текке тиешелүү кылып көрсөтүү кыйын. XİV кылымдагы Осмон жана Анадолу бектиктеринин архитектурасында Орто Азия архитектурасынын таасири күчтүү сезилип турат.

      Бул жерде моңгол жапырыгынан кийин Орто Азиядан Анадолуга көчүп келген кыргыз, түркмөн, өзбек сыяктуу түрк урууларынын түздөн түз ролу жана таасири бар. Анадолуга көчүп келген бул кишилердин арасында колунан иш келген, билимдүү, окумуштуу, өнөрпоз кишилер да болгон. Булар бир гана жихат (казат) кылышпай, жаңы жерлеринде тажрыйбаларын, эмгектерин жумшашып, курулуш иштерине жана өндүрүшкө чоң салым кошушкан.

      Кыргыздар күмбөзү Орто Азия маданияты менен Анадолу маданиятынын жуурулушкан доорунда, Осмон Бектигинде көптөгөн курулуштар курулган Орхон Казы заманында курулган бир имарат болуп эсептелет. Азыркы учурдагы аты аркылуу өткөн тарыхыбыз менен руханий байланыш курушубузга себеп болгон Кыргыздар күмбөзү кыргыз-түрк достугун байыркыдан күнүбүзгө ташыган, анын символу болгон бир эстелик катары өзгөчө баалуулукка ээ. Кыргыздар күмбөзүнүн бир маданий мурас катары келечек муундарга өткөрүлүп берилиши үчүн эң чоң салымды түрк жана кыргыз калктары биргелешип жасайт деген ишеничтемин.

      Пайдаланылган адабияттар

      ASLANAPA, Oktay, “İznik’te Sultan Orhan İmâret Kazısı”, Sanat Tarihi Yıllığı, I, İstanbul 1965-65. s. 16-31.

      ASLANAPA, Oktay, Yüzyıllar Boyunca Türk Sanatı (14. yüzyıl), İstanbul 1977.

      AYVERDİ, Hakkı Ekrem, “Orhan Gazi Devrinde Mi’mâri”, Yıllık Araştırmalar Dergisi, I, Ankara 1957, s. 115-197.

      AYVERDİ, Hakkı Ekrem, Osmanlı Mi’marisinin İlk Devri, İstanbul 1966.

      DAŞ, Ertan, Erken Dönem Osmanlı Türbeleri, İstanbul 2007.

      DEMİRİZ, Yıldız, Erken Osmanlı Mimarisinde Süsleme, İstanbul 1979.

      EYİCE, Semavi, “İznik”, Sanat Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1, İstanbul 1987, s. 65-116.

      GOODWIN, Godfrey, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, (Orijinal baskı London 1971) İstanbul 2012.

      KALFAZADE, Selda, “Kırgızlar Türbesi”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, c. 25, Ankara 2002, s. 445-446.

      OTTO-DORN, Katharina, DasIslamische İznik, Berlin 1941.

      ÖTÜKEN, Yıldız ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Diğerleri, IV, Ankara 1986.

      SÖZEN, Metin, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.

      TUNCER, Cezmi Orhan, Anadolu Kümbetleri 2 – Beylikler ve Osmanlı Dönemi, Ankara 1991.

      Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eserleri, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983.

      ÜLGEN, Saim Ali, “İznik’te Türk Eserleri”, Vakıflar Dergisi, I, Ankara 1938, s. 53-69.

      Түрк тарыхнаамасындагы кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер (1991-2018-жылдар)

      Лейла Дервиш85

      Аннотация

      Советтер Союзу кулагандан кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз карым-катнаш түзүлүп, Түркияда кыргыз тарыхы, тили, маданияты боюнча илимий изилдөөлөрдүн жана котормолордун саны кескин өскөн. Макалада Түркия Республикасында 1991-2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхы тууралуу жазылып, басылып чыккан эмгектер жана кыргыз тарыхы темасындагы котормолор тууралуу сөз болот.

Скачать книгу


<p>85</p>

Доценттин милдетин аткаруучу Д-р. Акдеңиз университети Адабият факультетинин тарых бөлүмү, Анталия, Элкат дареги: leyladervis@akdeniz. edu.tr, ORCİD: 0000-0002-9396-9018