Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 11

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

Чындыгында жылкынын жүнүнөн жасалган аркандар бышык келген, ал аркандар бааланган. Биздин пикирибиз боюнча ак аркандарды бай адамдар үй- тиричилигинде көп колдонушкан. Г. Загряжскийдин жогорудагы эмгектерин кыргыздардын социалдык абалына, чарбалык турмушуна, жашоо образына, маданиятына анализ жүргүзгөн мазмундуу тарыхый-этнографиялык мүнөздөгү эмгек катары кароого болот.

      XIX кылымдын экинчи жарымында Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган кыргыздардын чарбалык турмушун чагылдырган авторлордун бири В. Наливкин болуп саналат.60 Наманган уездинде жашаган кыргыздардын чарбалык турмушу, тагыраак айтканда дыйканчылыгы туурасында «Очерки земледелия в Наманганском уезде» аттуу көлөмдүү эмгекти жазган. Автордун аталган эмгеги үч бөлүктөн турат. Автор анда уезддин географиялык шарты, дыйканчылыктын негизги түрлөрү, аны өстүрүп, жыйноодогу колдонулган ыкмалар, эгин сугаруу жолдору сыяктуу дыйканчылык турмушту терең анализдөөгө аракет жасаган. В. Наливкиндин эмгектери аркылуу азыркы Аксы районуна караштуу Падыша-Ата, Кара-Башат, Кашка-Суу, Караван аймагында жашаган кыргыздардын дыйканчылык кесиби туурасында маалымат алууга болот.

      Жыйынтыктап айтканда XVIII кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын башына чейинки мезгилде Борбордук Азиянын тарыхын изилдеген россиялык түркстан таануучулар тарабынан кыргыз таануу маселеси жаралып, бул тармак бир канча багыттар боюнча изилденип, өнүгө баштаган. Кыргыз таануу маселесине арналып жазылган эмгектерге карата жүргүзүлгөн тарыхнаамалык анализ аталган илимий тармактын өнүгүшүн бир канча этаптарга бөлүп кароо зарылдыгын жаратат:

      1-мезгил: XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын башына чейинки мезгил. Аталган мезгилди кыргыз таануу маселесинин жаралуу башаты катары кароого болот. Россия империясынын чыгышка карай күчөгөн тышкы саясатынан улам кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, билүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок кыргыздар туурасында максаттуу түрдөгү изилдөө болгон эмес. Маалыматтардын көпчүлүгү кыска, үзүндү формасында болуп, коңшулаш элдер жөнүндөгү маалыматтарды жазууда гана кыргыздар эскерилип кеткен. Бул мезгилде кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтогондор илимий экспедициялардын мүчөлөрү, падышанын атайын жиберген өкүлдөрү, Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун кызматкерлери болушкан.

      2-мезгил: XIX кылымдын башынан XIX кылымдын 60-жылдарына чейинки мезгил. Россия империясынын Орто Азияга карата болгон тышкы саясатынын күчөшүнө байланыштуу, геосаясий себептерден улам кыргыздар жөнүндө маалымат топтоо, жарыялоо россиялык тарыхнаамада актуалдуу маселелердин бирине айланган. Кыргыз таануу маселеси системалуу изилдене башталып, изилдөө жолдору, маалымат берүү формасы кеңейе баштайт.

      3-мезгил: XIX кылымдын 60-жылдарынан тарта XX кылымдын башына чейинки мезгил. Бул мезгил – Россия тарыхнаамасында кыргыз таануу маселесинин кеңейүү, өнүгүү мезгили. Кыргыз элинин тарыхын максаттуу изилдөө мезгили катары кароого

Скачать книгу


<p>60</p>

В. Наливкин, Киргизы Наманганского уезда // Тур.вед. 1881. № 20-21; ошол эле автор: Очерки земледелия в Наманском уезде // Тур.вед. 1880. № 11, 13, 15, 18, 21; 24-25,27-29.