Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 7

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

саясаттын күчөшү менен катар Россия тарыхнаамасында чыгыш таануу маселесин изилдеген жаңы адистердин тобу жаралган жана чыгыш таануудан түркстан таануу өз алдынча илимий тармакка айлана баштаган.

      Кыргыз таануу маселелерин изилдеген Россия тарыхнаамасынын ХVIII-ХХ кылымдардын башындагы өкүлдөрүн алардын эмгектеринин социалдык багыты, мазмуну, авторлордун көз карашы боюнча төмөнкү топторго бөлүүгө болот30:

      Чыгыш таанучу-изилдөөчүлөр: Алардын катарына Ф. Миллер, И. Фишер, Н.Я. Бичурин, В.В. Радлов, В.Н. Татищев, В.В. Бартольд, Н.А. Аристов, В. Вельяминов-Зернов, А. Кун, В.В. Наливкин ж.б. кирет. Булардын көпчүлүгү – чыгыш таануучу -этнограф, тарыхчы-географ, чыгыш таануучу-археолог деген адистиктеги билимге ээ болгондор. Социалдык теги боюнча ар кайсы социалдык топтун өкүлдөрү. Албетте булар белгилүү бир социалдык тапшырманы аткарышып, падышага кызмат кылышкан, аскер-чыгыш таануучулардан айырмаланып социалдык-экономикалык, этнографиялык, проблемаларды чагылдырышкан, илимий багыттагы эмгектерди жазышкан. Тарыхый окуяларга илимий анализ берип, тарыхый булактарды колдонууга аракет жасашкан. Алсак, В.Наливкин жергиликтүү элдин тилин билгенине байланыштуу эмгегин жазууда мусулман булактарына кайрылган. Ал эми В. Вельяминов-Зернов болсо Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бирок Оренбург шаарында кызмат өтөгөндүктөн Кокон хандыгына байланышкан көлөмдүү очерктерди жазууда соодагерлерден, окуяга түздөн-түз катышкан адамдардан маалымат топтоп, архивдик материалдарды колдонуу менен бир канча эмгектерди жараткан.

      Аскер-чыгыш таануучулар: М.А. Терентьев, А.Г. Серебренников, Л.Ф. Костенко, М.И. Венюков, А.И. Брянов, Н.П. Корытов, А.Н. Куропаткин, А.И. Макшеев, К.П. Кауфман, Г.А. Колпаковский, Л.Ф. Костенко, Д.И. Романовский ж.б. Аталган авторлор региондордун топографиясын, картографиялык түзүлүшүн, согуштук процесстердин жүрүшүн, хронологиясын, материалдык-техникалык базаны жана адам ресурстарын изилдөөнү максат кылып коюшкан. Демек, алардын эмгектери аскер темасына гана багытталган. Аскер-чыгыш таануучулар өздөрүнүн социалдык теги боюнча баары дворяндардын чөйрөсүнөн чыккан. Окумуштуу Е.С. Сыздыкованын пикири боюнча «орус офицерлеринин дээрлик көпчүлүгүнүн ата-теги дворяндар болушкан»31. Тарыхый кырдаалга байланыштуу аскер-чыгыш таануучулар аскердик иш менен илимпоздук, чыгармачылык ишти бирдей алып барышкан.

      Орус саякатчылары: Ч. Валиханов, П.П. Семенов, А.В. Каульбарс, И.В. Мушкетов, А.П. Федченко, А. Голубев, Н.А. Северцов ж.б. Аскер-чыгыш таануучулардан айырмаланып, саякатчылар тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, коомдук-саясий маселелерди чагылдырышкан. Ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болушкан. Көбүнчө табигый, гуманитардык билимдин ээлери болушкан. Социалдык теги боюнча орус коомчулугунун ар кайсыл катмарынан чыгышкан.

      Колониалдык администрациянын чиновниктери: К.П. Кауфман, Н. Южаков, А.Н. Гродеков, Г. Загряжсжий, А.Г. Гейнс, К. Пален, Ф. Гирс, А.Н. Куропаткин, А.И. Брянов ж.б. бир топ аскер адамдары

Скачать книгу


<p>30</p>

Ж. Алымбаев, Общественно политическая жизнь киргизов в российской историографии второй половины XVIII-начала XX вв. Бишкек, 2009, С. 47-53.

<p>31</p>

Е.С. Сыздыкова, Российские военные и Казахстан: Вопросы социально-политической и экономической истории Казахстана XYIII-XIX вв. в трудах офицеров генерального штаба России. Москва, 2005. С.45