Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 4

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

алар (кыргыздар) өгөй энеден төрөлүшүп, анан калса каардуу келгендиктен, казактар тамаша иретинде «жапайы» деп аташканы жазылган18. И.Г. Андреевдин пикири боюнча казактар кыргыздарды алардын кардуулугу үчүн кооптуу, шектүү катары карашкандыктан аларды «жапайы» деп атай баштаган. Демек, кыргыздардын «жапайы» деп аталышы байыркы, кардуу жана кайраттуу деген түшүнүктөрдөн улам жаралган.

Тарыхый этнографиялык мүнөздөгү И.Г. Андреевдин эмгегиндеги маанилүү маалыматтардын бири – кыргыздардын коомдук түзүлүшү, кыргыз-орус байланышы туурасындагы даректер болуп саналат. Автор кеңири болбосо да, 1785-жылы Атаке баатыр тарабынан Абдырахман Кучаков баштаган элчиликтин Петербургга жөнөтүлүшүн кабарлаган19. Белгилей кетчү нерсе, кыргыз тарыхнаамасында алгачкы кыргыз элчилиги боюнча, айрым фактыларды архивдик материалдардын негизинде тактаган Д. Сапаралиевдин пикирин эске алуу зарыл20.

Кыргыздардын коомдук түзүлүшүнө токтолгон автор: «Кыргыздарда хан, султан болбойт, Атаке аттуу бийи бар, согушка 50000 аскерди топтой алышат»,21– деп эскерет. Эмгекте кыргыздар (волостко) урууларга бөлүнөрүн, алардын башчыларын атап өтүү менен ошол эле учурда кыргыздардын айрым бөлүктөрүнүн Кокон менен Кашкардын ортосунда 5000 түтүнгө жакыны «бурут» деген ат менен көчүп жүрөрүн белгилеп өткөн22. Казак тилин жакшы өздөштүргөнү менен Кыргызстандын аймагында болбогон И.Г. Андреев кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарды кеңири бере алган эмес. Ошого карабастан XVIII к. экинчи жарымындагы орус тарыхнаамасында кыргыз менен казактын ортосундагы тилдик, адеп-ахлактык, жүрүм-турумдук жана диний жактан окшоштуктар бар экендигин белгилеп кеткен.

Чагылдырылган басылмалар

Каралып жаткан доордо кыргыз элинин тарыхы Россия тарыхнаамасында көлөмү, мазмуну, баяндоо ыкмасы боюнча ар кандай формада, жанрда изилденип жазылган. Алардын катарына күндөлүктөрдү, запискаларды, отчетторду, справкаларды, билдирүүлөрдү, мемуарларды, статистикалык, аскердик-топографиялык материалдарды, макалаларды, очерктерди жана атайын басылган эмгектерди кошууга болот. Ал материалдар көлөмү, мазмуну жагынан, баяндоо ыкмасы боюнча бири- биринен айырмаланат. Алардын дээрлик көпчүлүгү өз мезгилинде жарыяланган. Айрым материалдар архивдерде сакталууда. Революцияга чейинки авторлордун эмгектери жарыяланган басылмаларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: 1) Орус Географиялык коомунун басылмалары болгон: «Записки РГО», «Известия РГО», «Вестник РГО», «Известия императорского РГО»; 2) Мезгилдүү басмасөз басылмалары: а) Борбордук басылмалар: «Русский Вестник», «Вестник Европы», «Военный сборник», «Современник», «Русский инвалид», «Голос», «Биржевые ведомости», «Голос» ж.б; б) Жергиликтүү басылмалар: «Туркестанская туземная газета» ж.б.; 3) Атайын басылган жыйнактар: «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Туркстанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии —Т.Т. —1 —594 – Ташкент, 1868-1940. (текстте «Туркестан

Скачать книгу

18

И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 45

19

И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 51.

20

Д. Сапаралиев, Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в ХУ111 в. – Бишкек, 1995. С. 125.

21

И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 52.

22

И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 52.