Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 6

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

href="#n26" type="note">26 Демек, газета колониалдык бийликтин идеологиясын жактаган официалдуу орган болгон. Булактарда: «Россиянын ички турмушуна тиешелүү болгон саясий жана социалдык маселелер Түркстан крайынын кызыкчылыгына төп келсе гана жарыяланган»,27– деп белгиленет. Полемикалык, жекече талаш маселелер жарыяланган эмес.

      Газетанын алгачкы редактору болуп (1869-1892-жж.) белгилүү этнограф, аскер-чыгыш таануучу Н.А. Маев (1835-1896) иштеген. Газета жарык көргөн күндөн 1907-жылга чейин крайдын тарыхы, этнографиясы, географиясы, экономикасын чагылдырган кызыктуу илимий материалдар жарык көргөн. Газета бетине белгилүү чыгыш таануучулар, саякатчылар Н.А. Северцов, А.П. Федченко, И.В. Мушкетов, В.Ф. Ошанин, Н.Н. Пантусов жана башкалардын материалдары үзгүлтүксүз жарык көрүп турган.

      Ал эми 1907-1909-жылдары газета официалдуу буйруктарды, рекламаларды, телеграммаларды гана жарыялаган жана окурмандардан алыстаган тажатма басылмага айланган. Бирок 1909-жылдан тарта газета өзүнүн форматын, маани-маңызын өзгөртүп, кайрадан жандана баштаган. Газета өкүм сүргөн 1870-жылдын 28-апрелинен 1917-жылдын 15-декабрына чейинки аралыкта 6406 номерин чыгарган. Бул аралыкта газета беттерине кыргыз таануу маселелеринин ар кайсы аспектилерин чагылдырган тарыхый булакнаамалык маанидеги кызыктуу материалдар жарык көргөн. Алардын катарына кыргыздардын этнографиясына арналган Г.Загряжскийдин «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргизов», «Киргизские очерки: аш или тризна по умершим», «Кара-киргизы», «Быт кочевого населения долин рек Чу и Сыр-Дарьи», «Русские поселки в Токмакском и Иссык-Кульском уездах», «Очерки Токмакского уезда»,28 «Алибай» деген псевдоним менен жазган И. Андреевдин «Алангасар и Алп», «Из долины – Сусамыра», «Ирчи», «Каракиргизские побасенки», «Манап и букара», «На северном рубеже Ферганы», «По верховью Таласа», (описание Гумбеза Манаса. Киргизские любовные песни об охоте), «Киргизские игрища», «Кызыл-кулак», «Туйгун», «Кара-киргизские съезды» ж.б.29 деген кызыктуу макалаларын кошууга болот.

      Газетанын активдүү корреспонденттеринин бири В.П. Наливкин болгон. Ал отставкага чыккандан кийин азыркы Аксы районунун борбору Каравандан 15-20 км алыстыкта жайгашкан Наманган уездине караштуу Наанай кыштагында жашап, жергиликтүү балдарды окутуп, кыргыз менен өзбек элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган этнографиялык кызыктуу материалдарды жарыялаган. «Туркестанские ведомости» газетасы колониалдык бийликтин кызыкчылыгын чагылдырган официалдуу орган болгонуна карабастан, газета беттерине булакнаамалык мааниси жогору болгон материалдар жарык көргөн.

      Авторлордун ишмердигине анализ

      Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерине, көз караштарына тарыхнаамалык анализ берүүдө авторлордун билим деңгээли, адистик курамы, даярдыгы, социалдык тегин аныктоо маанилүү деп ойлойбуз. Россиянын чыгышка карай умтулуусу чыгыш таануучу адистерди даярдоону

Скачать книгу


<p>27</p>

ЦГА.РУ. Ф.И-1. оп.8. д . 385.

<p>28</p>

Тур.вед. – 1871. -№2 ; 1873. – №1, 9,10; 1874. – № 11,25, 27, 32,41,42.

<p>29</p>

Тур.вед. – 1903. -№ 12,39,51, 58, 72,73, 98, 99, 101, 102; 1894 . -№ 60, 61 ; 1904,– №6, 22.