Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 3

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

жүргүзүлө баштаган. 50 жылдан ашуун мезгилде Орто Азия элдеринин саясий, социалдык-экономикалык, маданий, аскердик турмушун изилдөөгө алган баалуу фактологиялык материалдарды камтыган эмгектер жаралган. Россия илиминде калыптанып өнүгө баштаган чыгыш таануу тармагынын изилдөө объектиси, анын предмети кеңейип жарым кылым аралыгында өз алдынча «түркстан таануу» багыты жаралып, бул эмгектердин көпчүлүгүн булакнаамалык, тарыхнаамалык-булактык маанидеги эмгектердин катарына кошууга болот. «Түркстан таануу» түшүнүгү постсоветтик мезгилдеги Борбордук Азия республикаларынынын окумуштуулары тарабынан колдонулуп келе жаткан терминдердин бири. О. Пуговкина «түркстан таанууну» Россия тарыхнаамасынын Борбордук Азиядагы илимий дисциплинасынын бир бөлүгү катары кароону сунуштайт.11

      XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта «түркстан таануу» тармагынын өнүгүшү үчүн тийиштүү илимий мекемелер жаралып, илимий кружоктор түзүлүп, басылмалар түптөлүп иштей баштаган. Россия тарыхнаамасынын Борбордук Азиядагы россиялык түркстан таануучуларынын ири илимий мектеби жаралган. Бул аралыкта түркстан таануу бир канча тармакта изилдөө иштерин жүргүзгөндүгүн эске алсак, анын багыттарынын ичинен «кыргыз таанууну» өз алдынча бөлүп кароо, ага илимий анализ жасоо мезгилдин талабы. Кыргыз таануу маселесин россиялык «түркстан таануу» тармагынын ичинде жаралган бир илимий багыт катары кароо керек. Кыргыз таанууга кыргыз элинин саясий, социалдык-экономикалык, маданий тармактары боюнча тарыхый булактык жана тарыхнаамалык-булактык мүнөздөгү россиялык түркстан таануучулардын изилдөөлөрүн атоого болот. Албетте, кыргыз таануу маселесин мындан да кеңири илимий изилдөөнү талап кылган объект катары кароо зарыл.

      Россия тарыхнаамасындагы «кыргыз таануунун» башаты

      XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын башына чейинки мезгилдеги кыргыз таануу маселесинин жаралуусунун башатында турган авторлордун катарына П. Рычков, В.Н. Татищев, И. Андреев, Е. Тимковский, И. Бичурин ж.б. сыяктуу падышачылыктын өкүлдөрүн кошууга болот. Аталган авторлордун эмгектеринде кыргыздардын жашаган аймагы, алардын коомдук-саясий турмушу, «кара кыргыз» этнонимине байланышкан көз караштар сүрөттөлгөн. Маселен, илимий чөйрөгө кыргыздар туурасындагы алгачкы маалыматты белгилүү кылган авторлордун бири В.Н. Татищев жана П.И. Рычков болгон. Эки автор кызматы боюнча чогуу эмгектенишип, В.Н. Татищевдин П.И. Рычковдун көз карашына тийгизген таасири чоң болгон. Эки автордун кыргыздар туурасында берген маалыматы бири-бирине үндөш. Алсак В.Н. Татищев: «Алатай (Ала-Тоо) кыргыздар көчмөн жана күчтүү эл, Ташкенттин ары жагында, чоң казан ордосунан 5-6 күндүк узакта турушат, Ходжант (Хаджент) Наимачин (Наманган) жана Маджаландын (Маргалан) сейрек жүрүүчү жана таштуу тоолорунда жашашат»12– деп эскерген. Автордун андан ары берген маалыматында кыргыздардын жарымы Жунгар хандыгынын кол алдында, жарымы 30000 аскери менен аларга каршы турушат13. Кыргыздар туурасында илимий чөйрөгө биринчи болуп жарыялаган эмгек П.Н. Рычковдун эмгеги болуп саналат. Эмгек Оренбург губерниясынын «генералдык картасын» түзүүгө байланыштуу, губернияга чектеш Борбордук Азия аймагын изилдөөгө

Скачать книгу


<p>11</p>

О. Пуговкина. История Туркестана в наследии Российской историографии середины XIX-начала Xxвека (политические и экономические аспекты). Дис. канд. ист. наук. Ташкент, 2006.

<p>12</p>

В.Н. Татищев, История Российская с самых древнейших времен. Кн.1, Ч.1, 2. М., 1768. С. 283.

<p>13</p>

В.Н. Татищев, История Российская …., С. 283.