Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 23

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

чыгармалары боюнча болгондугу байкалат. Түркияда кыргыз адабияты боюнча биринчи болуп изилдөө жүргүзгөн илимпоздордун сап башында Мехмет Фуат Көпрүлү турат. Түрк калктарынын тарыхы жана адабияты боюнча көптөгөн эмгектери болгон Көпрүлү кыргыз адабияты менен дагы алектенип, ар кыл эмгектеринде кыргыздардын «Манас» эпосу жөнүндө жазып калтырган. Көпрүлү 1926-жылы жарыкка чыккан «Түрк адабияты тарыхы» аттуу эмгегинде түрк дастандарын географиялык аймактарына жараша үчкө бөлүп, «Манас» эпосун «Боз кыр аймагында жарыкка чыккан эмгектер» аттуу теманын алдында караган. Анын «Манас» жөнүндөгү пикирлери ошол эле эмгектин «Караханиттер доорунда түрк адабияты» деген темасынын 9-бөлүмүндө «Манас эпосу» деген ат менен калемге алынган. Ал, «Манас» эпосун XI-XII кылымдарга, башкача айтканда Караханиттер дооруна жайгаштырып, Манасты Чыгыш Тянь-Шандан Анадолуга чейин эскерилип келген каарман катары баалайт. Көпрүлү «Манас» эпосун мусулман менен каапырдын жана көчмөн турмуш менен отурукташкан турмуштун кагылышуусун көрсөткөн чыгарма катары эсептейт.148 Түркияда «Манас» эпосу боюнча алгачкы диссертациялык изилдөө 1934-жылы Көпрүлүнүн жетекчилиги алдында Шазие Берин тарабынан даярдалган. Көпрүлү 1935-жылы башка студентинин «Манас» эпосу боюнча дипломдук ишине да жетекчилик кылган.149

Түркияда 1990-жылга чейинки мезгилдерде «Манас» эпосу боюнча иш алып барган, «Манас» эпосун Түркиянын илим чөйрөсүнө тааныткан илимпоздордун сап башында Абдүлкадыр Инан турат. Ал – көбүнчө элдик адабият, фольклор, түрк дини жана тарыхы, этнография, түрк тилдери боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн, түрк тилдери менен биргеликте арапча, фарсча, орусча жана немис тилдерин билген, 1925-жылдын июль айында Түркияга келип 1976-жылдын 1-октябрында Анкарада дүйнө салган башкурт илимпозу.150 Түркияда «Манас» эпосу боюнча илимий эмгектерди 1934-жылы Инан баштаткан десек жаңылышпайбыз. Инандын «Манас» эпосу боюнча бир топ макалалары бар. Автор ал эмгектеринде эпос жөнүндө кенен маалымат берүү менен бирге, ошол күнгө чейин эпос тууралуу жарык көргөн басылмалар, эпостогу темаларды, Манас деген атты, эпостон үзүндүлөрдү, эпостун бөлүмдөрүн, эпостогу Ислам ишенимдерин, кыргыздардын жашоо шартын, жашоого болгон көз-караштарын, каада-салттарын, эпосто камтылган негизги идеологияны жана каармандарды ж.б. изилдеген151. Инандын эпостун кыскартылган текстинин түрк тилине котормосу камтылган «Манас дастаны» (1972) аттуу бир китеби басылып чыккан. Ал китеп Түркияда «Манас» эпосу боюнча жарык көргөн алгачкы эмгек болуп эсептелет. Ал эмгек эпостун Түркияда таанылышына жана эпос жөнүндө башка көптөгөн эмгектердин жарык көрүүсүнө пайдубал болгон. Ошондон баштап эпос жөнүндө көптөгөн макалалар, энциклопедия бөлүмдөрү ж.б. жазыла баштаган.152 Белгилей кетчү жагдай, Инандын кыргыздардын тили жана маданияты жөнүндө да эмгектери бар.153

Түркияда 1990-жылдан мурун «Манас» эпосу боюнча изилдөө жүргүзгөндөрдүн

Скачать книгу

148

Arvas Abdülselam, “Manas Destanı Üzerine Araştırma Yapan Türkiyeli İlk Bilim Adamları”, Çankırı Karatekin Üniversitesi Karatekin Edebiyat Fakültesi Dergisi, 5 (2), 2017, s. 139-140.

149

Şaziye Berin, Halk Edebiyatı Numuneleri: Manas Destanı (Radlof’tan Tercüme), Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, İstanbul 1934; Mebrure Rahmi, Dede Korkut ve Manas’ta Bazı Benzeyişler, Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, İstanbul 1935.

150

Süleyman Tülücü, “Prof. Abdülkadir İnan Üzerine Bazı Notlar”, AÜ. Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü Dergisi, 15, Erzurum, 2000, s. 201, 203.

151

Abdülkadir İnan, Makaleler ve İncelemeler, c. 1, TTK, Ankara, 1998, s. 99-164.

152

Инандын «Манас» дастаны боюнча жарык көргөн эмгектери жылдык өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкүдөй: Abdülkadir İnan, “Kırgız Dil Yadigârlarından Manas Destanı”, Azerbaycan Yurt Bilgisi, 3 (31-32), 1934; Abdülkadir İnan, “Kırgız Dil Yadigârlarından Manas Destanı”, Çığır, 3(35), 1936; Abdülkadir İnan, “Manas Destanı II”, Çığır, 3(36), 1936; Abdülkadir İnan, “Manas Destanı”, Çığır, 37, 1936; Abdülkadir İnan, “Manas’ta İdeoloji ve Kahramanlar”, Varlık, 2(185), 1941; Abdülkadir İnan, “Manas Destanında Aş-Yoğ Merasimi”, Varlık, 2 (190), 1941; Abdülkadir İnan, “Manas Destanında Görülen Muhtelif Tabakalar”, Varlık, 18, 1941; Abdülkadir İnan, “Manas Destanı’nın Yeni Toplanmış Metinlerinden Bir Parçanın Rusça Tercümesinden”, Türk Yurdu, 26(8), 1942, s. 251-255; Abdülkadir İnan, “Manas Destanı Üzerine Notlar”, Türk Dili Araştırmaları Yıllığı Belleten, 1959, s. 125-159; Abdülkadir İnan, Manas Destanı, MEB Yay., İstanbul 1972.

153

Abdülkadir İnan, “Kırgızlar”, Bozkurt Dergisi, 2(9), 1940; Abdülkadir İnan, “Kırgızlar”, Bozkurt Dergisi, 3(10), 1941; Abdülkadir İnan, “Kazak-Kırgızlarda Yeğenlik Hakkı ve Konuk Aşı Meseleleri”, Türk Hukuk Tarihi Dergisi, 1(27), 1941; Abdülkadir İnan, “Kazak ve Kırgız Yazı Dillerinde Dudak Benzeşmesi (Labial Attraksiyon) Meselesi”, Türk Dili Araştırmaları Yıllığı, 1964, s. 67-76.