Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 24

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

түздөн-түз байланыштардын башталышы менен абдан кѳбѳйгѳндүгүн жогоруда айтып өттүк эле. Кыргызстандын Орто-Азияда көз карандысыздыкка ээ эң демократиялык өлкө болушу, өлкөгө кирүү-чыгуунун жеңил болушу, кыргыздардын өтө бай оозеки жана жазма адабиятка жана фольклорго ээ болушу, адабият булактарынын оңой менен табылышы жана албетте түрк изилдөөчүлөрүнүн кыргыздарга жана алардын тилине, маданиятына болгон кызыгуусу жана сүйүүсү изилдѳѳлѳрдүн Түркияда кѳбѳйүшүнѳ таасир эткен. Бул бир гана тил, адабият жана маданият тармагында гана эмес, тарых, география, экономика, саясат, эл аралык мамилелер, туризм, археология, саламаттыкты сактоо, гастрономия сыяктуу тармактарда дагы байкалат.

Буга чейин Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча бир нече библиографиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын алгачкы экөөсү Хайреттин Ивгин тарабынан 1987-жылы жана 1990-жылы даярдалган.159Андан кийин 1995-жылы Асуман Субашы тарабынан «Түрк эдебияты» журналында «Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макала жарыяланган.160 Ошол эле жылы Гүзин Турал жана Нажие Йылдыз эпостун түркчѳ библиографиясы боюнча макала даярдашкан.161 2003-жылы Алпаслан Демирдин «Манастын библиографиялык очерки: Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макаласы «Манас» университетинин коомдук илимдер журналында жарыяланды.162 Ошол эле журналда 2004-жылы Фахри Солактын тил, адабият, география ж.б. ар тармактуу изилдөөлөрдү камтыган Кыргызстан жөнүндөгү эң көлөмдүү библиографиясы жарыяланган.163 Тарыхчы Абдрасул Исаковдун да бул темаларда бир канча макаласы басылып чыккан.164 2013-жылы Жаштегин Тургунбаев «Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө түрк тилинде академиялык эмгектердин библиографиясы: 2009-2012-жылдар» аттуу макаласын жарыялаган.165 2014-жылы Абдурасул Исаков менен Гүлдана Мурзакулованын «Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары» аттуу эмгеги «Кыргызстан достук жана маданият коому» тарабынан жарыяланган.166 2015-жылы Шуле Гезердин «Түркияда кыргыз дастандары боюнча жасалган эмгектер» аттуу макаласы,167 Сонуч Гүнгөрдүн «Кыргыздарда акындык салты боюнча түрк тилинде жазылган эмгектер» аттуу макаласы Каратекин адабият факультетинин журналында жарыяланган.168

Жарыяланган изилдѳѳлѳрдѳн белгилүү болгондой эле, бул библиографиялык изилдөөлөр негизинен кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» эпосу жөнүндө болгон. Жогоруда сөз болгон библиографиялардын арасында кыргыз тили боюнча изилдөөлөр көрсөтүлгөнү менен169 түздөн-түз кыргыз тили боюнча даярдалган библиографиялык изилдөөлөрдү жолуктура албадык. Бул изилдөөнүн негизги максаты Түркияда кыргыз тили боюнча библиографиялык эмгек даярдоо болуп саналат. Түркияда жакшы изилденген багыттардын бири катары кыргыз тили боюнча жазылган көптөгөн китептер, макалалар жана дипломдук иштер бар. Мунун баарын бир макалада көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан бул жерде библиографиялар магистрдык жана доктордук диссертациялар

Скачать книгу

159

Hayrettin İvgin, “Manas Destanı Üzerine Türkiye’de ve Çin Halk Cumhuriyeti’nde Yapılan Çalışmalar”, Türk Kültürü, 25(295), 1987, s. 36-45; Hayrettin İvgin, “Türkiye’de Manas’la İlgili Yapılan Çalışmalar”, İçel Kültürü, 4(12), 1990, s. 53-57.

160

Asuman Subaşı, “Türkiye’de Manas Çalışmaları”, Türk Edebiyatı, 264, 1995, s. 44-45.

161

Güzin Tural, Naciye Yıldız, “Manas Destanı Bibliyografyası Üzerine Bir Deneme: Türkiye’deki Yayınlar”, Manas 1000 Bişkek Bildirileri (Bişkek 26-31 Ağustos 1995), Ankara: AKM Yay., 1997. s. 305-319.

162

Alparslan Demir, “Manas Bibliyografyası Denemesi: Türkiye’de Manas Çalışmaları”, Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi, 6, 2003, Bişkek, s. 59-80.

163

Fahri Solak, “Kırgızistan ile İlgili Türkçe Bibliyografya (1928-2003) (TezlerKitaplar-Makaleler)”, Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi, 9, 2004, Bişkek, s. 67-115.

164

Abdrasul İsakov, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi ile İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (1910-2009)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 5(9), Ankara 2010, s. 101- 131; Abdrasul İsakov, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi ile İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (2010-2014)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 9(19), Ankara 2015, s. 145-161; Abdrasul İsakov, “Türkiyada “Manas” Eposu Boyunça Basılgan Emgekterdin Bibliyografyası (1934-2014)”, Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi, 4(4), Erzurum, 2015, s. 1451-1479; Abdrasul İsakov, “Alıkul Osmonov Hakkında Türkiye’de Yapılan Yayınlar”, Ala Too Edebiyatı Dergisi, 3, İstanbul: Eylül-Aralık 2015, s. 52-57; Abdrasul İsakov, “1916 Türkistan Olayları İle İlgili Türkiye’de Basılan Çalışmaların Bibliyografyası”, Ala Too Edebiyatı Dergisi, 5, İstanbul: Nisan-Haziran 2016, s. 40-44.

165

Caştegin Turgunbayer, “Kırgızistan ve Kırgızlar İle İlgili Türkçe Akademik Çalışmalar Bibliyografyası (2009-2012)”, Türük Dil, Edebiyat ve Halkbilimi Araştırmaları Dergisi, 1 (1), 2013, s. 28-52.

166

Güldana Murzakulova, Abdrasul İsakov, Türkiye’de Eğitim Gören Kırgızistanlı Öğrencilerin Yüksek Lisans ve Doktora Tez Çalışmaları (1992-2012), Ankara 2014, 53+58 s.

167

Şule Gezer, “Türkiye’de Kırgız Destanları Üzerine Yapılan Çalışmalar”, Zeit schrift für di eWelt der Türken, Journal of World of Turks, 7(1), 2015, s. 331-352.

168

Sonuç Güngör, “Kırgız Akınlık Geleneği Üzerine Türkiye Türkçesiyle Yapılmış Çalışmalar”, Karatekin Edebiyat Fakültesi Dergisi, 5(3), 2015, s. 27-38.

169

Solak, 2004; İsakov, 2010; Turgunbayev, 2013, Murzakulova-İsakov, 2014.