Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 22

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

менен Түркия түрктөрүнүн ортосундагы мамиле түп тамыры менен үзүлгөн. Теги бир, тили бир болгон боордош элдердин түрк тектүү элдерден болгондугу унутулуп, уруу аттарын улут аты катары колдоно баштоо аркылуу толук түрдө башка улуттарга айландырылып, башкача айтканда ошондой болгонуна ишендирилген. Ошондой болсо да М. Горбачов совет бийлигине келгенден кийин башталган ачык-айкындуулук жана кайра куруу саясатынын артынан 1991- жылы СССРдин курамындагы түрк тектүү мамлекеттерден Кыргызстан (31.08.1991), Өзбекстан (01.09.1991), Азербайжан (18.10.1991), Түркмөнстан (27.10.1991) жана Казакстан (16.12.1991) мамлекеттери биринин артынан бири көз карандысыздыктарын жарыялап, чыгыштагы жана батыштагы түрктөр бири-бирин кайрадан тааный баштаган.

      Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары 1991-жылы башталган. Түркия, Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана Кыргызстанда өз элчилигин ачкан биринчи өлкө болуп саналат. 1992-жылдын 29-январындагы протоколдун негизинде эки тараптуу элчиликтер ачылып саясий, маданий, экономикалык ж.б. ар кандай тармакта мамилелер тездик менен түзүлө баштаган. Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев 1991-жылдын 23-декабрында алгачкы расмий иш сапарын Түркияга жасап, ал зыяратта эки тараптуу бир топ кызматташууга кол койгон143. 1991-жылдын 25-декабрында «түрк-кыргыз ишкердик кеӊеши», ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган ишкерлер жана өнөр жайчыларды бириктирүү максатында Бишкек шаарында «Кыргызстан- Түркия ишкерлер жана өнөр жайчылар бирикмеси» (KITİAD) түзүлгөн.144 Түркия 1993-жылдын 15-январында кол коюлган кредиттик келишимдин негизинде Кыргызстанга 75 млн доллар өлчөмүндөгү насыя берип, 50 миң тонна буудай гуманитардык жардам кылып, ТИКАнын Бишкектеги кеӊсеси ачылып, аталган уюм тарабынан Бишкек шаарында бир мунайзат бекети, 17 мекеме жана бир колдоо көрсөтүү кызматы тарабынан чакан бизнес сайты курулган. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1991-жылдын 29-майында Анкара шаарында кол коюлган «Экономика жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча протоколдун» негизинде башталган экономикалык жана соода-сатык мамилелер бүгүнкү күнгө чейин өсүп өнүгүүдө145.

      Орток маданий мураска ээ болгон эки боордош өлкө катары Кыргызстан менен Түркия илимий, маданий мамилелерди да тездик менен чыңдай башташты. Бул багытта жаралган эң маанилүү долбоор, 1992-жылы кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылган «Түркия-Түрк дүйнөсү билим проекти» (BOP) болуп эсептелет. Бул долбоордун негизинде, Түркия 1992-1993-окуу жылынан баштап, Түрк республикалары менен боордош калктардан стипендиялык негизде студент кабыл ала баштаган. Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү кору менен Жалал-абад облусунун губернаторунун ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде, Коммерциялык институттун алкагында, Түрк дүйнөсү башкаруу факультети ачылган. Институт алгач академияга, кийинчерээк Экономика жана ишкердик университетине айланды. Ошондой эле 1996-жылы, Кыргыз-түрк эл-аралык «Ататүрк-Алатоо» университети курулуп, 1997-1998-окуу жылында өз ишин баштады146. 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Бишкекте Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин курулушу, Түркия-Кыргызстан карым-катнашы үчүн абдан маанилүү кадамдардын бири болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1997-1998-окуу жылында ишке киришкен.

      70 жылдык совет доорунда Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түздөн-түз байланыштардын

Скачать книгу


<p>143</p>

Fahri Solak, “Kırgızistan ile İlgili Türkçe Bibliyografya (1928-2003) (TezlerKitaplar-Makaleler)”, Kırgız-Türk Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, 9, 2004, s. 73; Mehmet Yüce, “Kırgızistan Cumhuriyeti”, Yeni Türkiye, Türk Dünyası Özel Sayısı, 9 (53-54), 2013, s. 1665.

<p>144</p>

Necati İyikan, Orta Asya Güney Kafkasya Siyasî Gelişmeler: 1991-2010, Hiperlink Yay., 2011, s. 320.

<p>145</p>

Yüce, a.g.m., s. 1664; Solak, a.g.m., s. 73.

<p>146</p>

Yüce, a.g.m., s. 1663.