Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев страница 6
Айтмакчы, Щербинин чоң үй-бүлө үчүн үйдүн ылайыктуу проектин иштеп чыкканга, аймактын геологиялык шар-тын эске алуу менен, боло турган курулушту жер тилкесине ылайыктаганга жардам берди. Башында жер тилкеси Киров көчөсүнө эсептелчү. Ал убакта кошуналар короо-жай тургузуп алышкан эле. Жайдын кечтеринде үйлөрдүн бирине чогулуп алышып, бейкапар маек курушчу. Жашоо-турмуш оңолуп, көп үй курула баштаган. Жаңы конушту бойлото, панфиловчу, Советтер Союзунун баатыры Шопоковдун ысмынан көчө пайда болду. Биздин үйдү ошол жаңы жаралган көчөгө катташты. Жергиликтүү, аз кубаттуу заводдон чыгарылган кыш мамлекеттин өндүрүштүк, социалдык объекттерине да жетчү эмес. Анын үстүнө бышкан кыштан үй куруу өтө кымбатка турар эле. Көптөрдүн, анын ичинде биздин да ага чамабыз келмек эмес.
Чакан үй-бүлөлүк артель жалданып, жалдоочулар турган жеринде 3–4 бөлүктөн калыпка салып, ылай менен саман-дан чийки кыш куюшчу. Түштүктүн ысык абасына тоборсуган бул кыштар негизги курулуш материалы болуп саналчу. Самандан курулган үй кышкысын жылуулукту кармап, жайкы аптапта салкын болгону менен айырмаланат.
Суук түшкүчө үйдүн дубалдарын тургузуп, чатырын жапканга жетиштик. Мамлекеттен алынган пайызсыз ссуданын баары кетти. Кыш киргенде биз терезе-эшиктери, тактайы жок үйүбүзгө кирдик. Шашып-ушуп бир бөлмөнү жасай сал-дык. Эшик-терезелерди толь жана таарлар менен бүтөп, кичинекей темир меш койдук. Ошол мезгилде түштүктө кыш суук, кар калың болду. Ачкачылык убагы, азык-түлүк жетишсиз, акча андан бетер аз эле. Бир бөлкө нан алуу үчүн түнгө чейин кезекке турушчу. Ар бир эл жашаган аймак белгилүү бир соода түйүнүнө караштуу болчу, биз Совет көчөсүндө жайгашкан 10-дүкөндөн алчубуз. Апам күн сайын таңкы саат 3–4 болгондо эмчектеги баласы Олег менен кезекке турганга жөнөчү. Бөбөк да кезекте турган адам катары саналчу. Анткени катуу тартипте бир кишиге бир гана бөлкө берилчү.
Күтүп турушчу, саат 8де атка чегилген нан жүктөлгөн күркө келчү. Көпчүлүк кыймылга келип, бака-шака түшүп тыгылышканда бала ойгонуп, ыйлай баштачу.
Биздин үйдө үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү катары Шура апа жашачу. Согуштан кийинки кыйын кезеңде атаэнем аны үйгө кийирип алышкан. Түбү Запорожьядан бол-гон Кызыл Армиянын курман болгон офицеринин жесири Александра Дмитриевна Зинко ошол бойдон турмушка чыккан жок, бизге өз адамдай болуп калды. Ал бизди өз балдарындай жакшы көрчү. Ооруканада санитарка болуп иштеген ал түнкү нөөмөткө көп кетчү. Апам жок кезде биз кароосуз калып, ойгонорубуз менен жарым жылаңач короого чыгып алып, жылаңаяк карда жүгүрүп жүрчүбүз. Көк муштум болуп тоңгондо үйгө кирчүбүз да, апамдын нан алып келишин зарыгып күтүп отурчубуз. Жаңы бышкан бөлкө алып келип, от жагып чай кайнатчу да, балдары менен эртең мененки жупуну тамакка отурчу.
Ансыз да жетпеген акчаны болушунча үнөмдөчүбүз. Үй куруу – көп чыгашалуу иш, көп каражат керек