Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев страница 9
![Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев](/cover_pre354874.jpg)
Ал ортодо үй-бүлөбүзгө кезектеги сыноо келди. Атам катуу ооруп, жергиликтүү дарыгерлер дартын аныктай алышпай, Ессентуки курортундагы минералдык заттары бар ылай менен дарылоо курсунан өтүүнү сунуш кылышты. Курортко 1956-жылы барганы менен, жылыш байкалган жок. Атамды айыктыруу үчүн үй-бүлөбүз менен анын кичи мекени Токтогулга бардык. Ал өзү көнгөн абаны дегдеди, бизди малчылардын оор эмгеги, айылдыктардын тиричилиги менен тааныштыргысы келди. Айылдыктар үчүн эң эле бакубатту жер байыртан бери Арым жайлоосундагы жай мезгили болучу. Бул бийик тоолуу жайытка колхоздун отор койлорун айдап келишчү. Катаал кыштоодон кийин бүт айыл эли кур-гак, ысык тоо этегин таштап, бийик тоонун салкын көк шиберине жайгашышчу.
Жайлоого чейин күндүк жол эле. Айылдан чыкканда эле жапайыланып кеткен өрүк бактары, ит мурун бадалдары жана жапайы жүзүм кезигет. Жалгыз аяк жол кооз капчыгайды аралап, хрусталдай мөлтүрөгөн тунук сууну бойлой кетчү. Кээ бир жерлерде бул жол тоонун аскалуу бооруна такалып, бир жагынан бир нече ондук метр бийиктиктеги жар менен жанашчу. Аттар мындай өтмөктөргө көнгөн, адат-та тоодогу жолдор аларды башкарышпайт. Чабандестер тизгинди бош таштап, аларга ишеним артышат. Аттардын жергиликтүү тоолук породасы кыргыздар 4000 жыл илгери өстүрүшкөн ат тукумунан алынгандар. Туяктары бек, такалоонун кереги жок.
Ат менен топозго (3–4 миң метр бийиктикте жашаган, жүк артылуучу алмаштыргыс жаныбар) ар кандай жүк өзгөчө аракет менен жүктөлчү. Жолдо кечип өтүү кыйынга турган тоо суусу агып өтчү. Бул күргүштөгөн агымга туруштук берүү үчүн болгон күчүбүз менен тырышчубуз. Эс оодарган узак жол туш тарабынан тоо кыркалары менен чектелген кең өрөөнгө алып келчү. Таң бул жерге кечигип атып, күүгүм маалынан эрте кирер эле.
Бет маңдайыңда каакымдардын сары баштары, чөптөрдүн бышып жетилген машактары. Жыш өскөн сабактарда түркүн майда жандыктар кыбырап тирлигин кылышат. А тиги тик жардан ары, алыс-алыс мунарыктап турган жакта аппак болуп жаркыраган тоо чокулары. Коркунучтуу саякатка кетип калышыбызды каалабай, улуулар озунуп бизге түркүн жемиштерден татканып жыргаган аюулар жөнүндө айтып беришчү. Бардык жерде жайылып жүргөн мал көрүнөт.