Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 6
Ошентип, монголдорго Единал, Алдиер, Олобектер көп жигиттери менен сапар тарта жөнөп калышты. Элчилер менен кошо бектин кеңешчи, көзү ачыктары кетип баратты.
Темүчүн: «Мага кимде-ким өз эрки менен баш ийсе менин тууму желбиретип, бизге кошула берсин»-деп монголдордун ыйык деп эсептелген туусун көп жерге таратып жиберген. Ошол туудан бирди кыргыз элчилери аны жанындагы меркит урууларынан алып, карагайдын жыгачына желбирете тагып алышкан. Бара жаткан кыргыз элчилерин «Башка бирөө кол салабы»– деп мыкты куралчан өрт жигиттер кайтарып келатты. Жолдо келе жаткан кыргыз кошунууна эч ким каршылык көрсөткөн жок. Темүчүндүн колу дүйнөнү багындырып келатканын баардык эл билип, туюуп турушкан. Аларга кол салуу өтө оор болуп калган. Кээ бир начар коргоноору жок элдер өздөрү эле кошула башташкан. Бара-бара жүрүп отуруп, кыргыз элчилери монголдордун жоокерлерине жолугушту. Кошуун менен кошо короо-короо койлор, уйлар, үйүр-үйүр жылкыларды айдап өтүп жатышты. Жаныбарлар чабуулда жүргөн монгол жоокерлеринин азык-заттары эле. Эч бир жерде баш аламан нерсе жок баардык жерде тартип менен кетип бараткандай сезилет. Монголдордун желегин көргөндө эч бир жоокер аларга каршылык кылган жок. Монгол жоокерлери аларга урмат кылып колун бооруна алып ийиле салам берип өтүп жатты. Бул «кошулалы» деген башка элди урматтаган белги болчу.
Алар жолдо чоң кошуунга кезикти. Миң башы айтты:
– Силер каякка бараттыңар эле. Сөздү тилмеч которуп турду.
Единал:
– Биз улуу хандын баласына жолугууга баратабыз. Ага кошулгубуз келет. Биз улуу хан Темүчүндү жактайбыз. Хандын жигиттери кыргыздарды ээрчитип отуруп, Жучунун чатырынын жанына келишти. Чатыр өзүнчө бөлөк жерде экен. Айланасын жоокерлер кайтарып жатканы байкалат. Бул аймакта эч бир баш аламан нерсе жоктой. Кыраакы кишиге баардыгы өтө катуу тартип менен уюушулганы билинет. Ханга кабар небак эле кеткен.