Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 9
– Бизге үч миң кол берсин,-деген экен.
Туматтардын ажосу Элкен:
– Бере албайбыз биздин согушка даярдыгыбыз жок,– деген кабарды айттырды
– Анда салык төлөсүн,-деп жатат.
Элкен буга дагы көнбөдү. Анткени ал жакында эле көп салык төлөгөн эле.
Чабаган болгон жаңылыктын баарын Жучуга жеткирип барды. Хан каарланып, Баргул баатырды чакыртты. Ал кыйын ноён эле баардык салгылашта жеңилген эмес. Жеңилүүнү да каалабаган. Баргул көп жерге кыргын салып, далай кошуундун канын суудай агызган. Ошондуктан Темүчүн аны жанындай көрүп, ага көп сыйлыктарды жана арбын наамдарды берген.
– Баргул сен жоокерлериң менен барып туматтарды баш көтөргүс кылып жок кылып кел, сага ал жердеги кыргыз кошууну жардам берет.
Баргул жоокерлери менен туматтарга каршы жөнөп калды. Туматтар да оңой эл эмес экен бул согушка аябай катуу даярданыптыр. Баргул кыргыздарга кайрылды:
– Силер бизге кошулуп, туматтарга каршы согушкула!
Кыргыздар буга мойнобой койду:
– Туматтар эзелтен бери биздин коңшубуз алар менен кантип согушабыз.
Муну укканда Баргул баатырдын жини келди. Монголдор көп жоготууга учурап, бул согушта Баргул баатыр окко учту. Монголдор жеңилип артына карай кетти. Көп узабай ошол кабар Темүчүнгө жетип, ал такыр ишенбей:
– Баргул өлдүбү, кантип эле ошондой болсун, чыныгы баатыр эмес беле. Андай болушу мүнкүн эмес, менин кыраан шумкарым токой адамдарынан өлүшүн мен чындык деп эсептебейм.
Темүчүн дагы ойлонду:
– Баргулга эмне болду, Баргул чын эле өлдүбү? Токой дадамдары туматтар чын эле жеңдиби? Ал мага кара тулпарын минип келбейт беле.
Темүчүн Баргулду жанындай көрчү эле, аны менен тамашалашып көңүл ачкан кезин эстеди.
Темүчүн жардамчысын чакыртып, ал бат эле кирип келди.
– Баргулдан кабар барбы?
– Жок ардактуум ал эчак эле өлгөн аны туматтар жок кылды.
– Туматтарга каршы Жучунун өзүн жибербедим беле, дагы аны жиберем. Бешиктеги баласы калганга чейин кыргын салсын. Туматтардын айланасындагы баардык эл Жучуга кошулсун. Эгер кошулбаса аларды да тып-тыйпыл жок кылып, кызыл кыргын кара сүргүн кылсын макулбу.
– Ардактуум айтканыңызды айтам.
Улуу хан тарабынан ошондой катуу буйрук берилди.
Дарбын Дакшин коп колу менен калдайып аттанып чыкты. Жучу кыргыздарга кабар берди. Бизге кошулуп бул жердеги баардык уруулар туматтарга каршы чыксын деген жарлыкты кабыл алды. Катуу салгылаш Тунук- Көлдүн жээгинде болду. Дарбин Жакшин байкоосуздан алдырып жиберди. Эми Жучу аябай жини келип, өзү кол баштап майданга катуу кирди. Туматтардын колу менен Жучунун колу бетме-бет келди. Хан туматтардын колун аябай байкоого алып, анын түштүк