Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 29

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

маалымат берилди. Бул библиографияда отуз доктордук, жетимиш беш магистрдик, жалпысынан жүз беш диссертация көрсөтүлгөн. Алардын ичинен жыйырма беш доктордук диссертация түздөн-түз кыргыз тили боюнча жазылган иш болсо, калган бешөө адабий тексттердин негизинде тилдик изилдөө жүргүзүлгөн дипломдук иштер болуп саналат. Ал эми магистрдик эмгектердин отуз сегизөө түздөн-түз кыргыз тили тууралуу болсо, калган отуз жети эмгек адабий тексттердин негизинде тилдик изилдөөгө негизделген дипломдук иштер болуп саналат. Дипломдук иштер үчүн тандалган адабий тексттердин башкы сабында Айтматовдун чыгармалары жана «Манас» эпосу менен бирге кыргыз адабиятынын алдыңкы жазуучуларынын чыгармалары турат. Он үч доктордук жана отуз бир магистрдик диссертация кыргыз тилин бир же бирден көп башка түрк тилдери менен салыштырган түрдө даярдалган. Диссертацияларды университеттердеги кафедраларга карата бөлүп карасак, жыйырма бир доктордук жана кырк тогуз магистрдик диссертация Түрк тили жана адабияты кафедраларында даярдалган. Эң алгачкы диссертация 1994-жылы корголгон. Кыргыз тили боюнча эң көп диссертация даярдалган кафедралардын экинчиси – Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедрасы.

      Аталган кафедра Түрк тили жана адабияты бөлүмдөрүнөн кийинчерээк ачылгандыктан кыргыз тили тууралуу даярдалган диссертациялардын саны боюнча экинчи орунда турат десек жаңылышпайбыз. 2018-жылга чейин Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедраларында сегиз доктордук, он сегиз магистрдик диссертация корголгон.

      Калган аз сандагы диссертация чет тилдер кафедрасы, тил илими, араб тили, түрк тили, философия жана диний илимдер, Евразия изилдөөлөрү сыяктуу кафедраларда даярдалган. Алгачкы доктордук диссертация 2004-жылы, магистрдик диссертация 1997-жылы корголгон. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 1990-жылы башталып, алгачкы түрк тилдери кафедралары 1992-жылы ачылган. Магистратура жана докторантура программалары үчүн белгилүү окутуу мөөнөтү керек болгондуктан алгачкы диссертациялар 1994-жылдары корголо баштаган. Кайсыл университетте канча диссертациянын даярдалганын алып карай турган болсок, жалпысынан (доктордук жана магистрдик) 30 диссертация менен Гази университети алдыңкы орунда турат. Гази университетинде Түрк тили жана адабияты кафедрасынын тээ мурунтан болушу жана Азыркы түрк тилдери кафедрасынын дал ушул университетте биринчи ачылганы мында негизги фактор болгон. Азыркы түрк тилдери деген кафедрасы Түркияда экинчи болуп ачылган Анкара университетинде 11 диссертация даярдалган.

      Андан кийинки орундарда 6 диссертация менен Стамбул университети, 5 диссертация менен Эге университети турат. Мармара, Чукурова жана Фатих университетинде төрттөн диссертация, Мугла Сыткы Кочман, Фырат, Ондокуз Майыс, Хажеттепе, Бүлент Эжевит жана Эржийес университеттеринде үчтөн диссертация, Ататүрк, Йылдыз Текник, Орду, Карабүк жана Нигде университеттеринде экиден диссертация, ал эми Жумхуриет, Чанаккале, Онсекиз Март, Сакаря, Селчук, Истанбул Күлтүр, Памуккале, Кафкас, Йүзүнжү йыл, Ардахан, Улудаг, Газиантеп, Мимар Синан Гүзел Санатлар жана Кырыккале университеттеринде болсо бирден диссертация корголгон.

      Диссертациялардын 38 даанасы түрк тектүү мамлекеттерден келген студенттер менен башка чет элдик студенттер тарабынан даярдалган. Бул абал Түркиядагы билимге болгон кызыгууну көрсөтүп тургандыгы жагынан өтө маанилүү. Калган 70 диссертация Түркия Республикасынын жарандары тарабынан даярдалган. Изилденген темалар кыргыз тилинин жалпы грамматикасы ж.б. грамматикага

Скачать книгу