Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 33

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

котормо китеп болуу менен айырмаланат. Китепте акындын бардык ырлары камтылган. Которгон – Ибрахим Түркхан.

      1.16. Ben, Şairi Kırgız’ın (Мен, акыны кыргыздын) – Алыкул Осмонов.

      Алыкул Осмонов – кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар акындардын бири. Анын ырларын которуп, түркиялык окурмандарга алгачкы жолу тартуулоо болсо, 2015-жылы акындын 100 жылдык юбилейинде ишке ашкан. Китепке акындын 50 ыры кирген. Котормочулары – Ибрахим Түркхан, Жылдыз Исмаилова, Динара Асылбекова, Калмамат Куламшаев, Нурабүбү Борсокоева жана Кенан Чарбога. Китеп ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн.

      1.17. Ben Dünyayı Şiirlerimle Temizlerim (Мен дүйнөнү ырым менен тазалайм) – Төлөгөн Мамаев.

      Төлөгөн Мамаев – азыркы кыргыз адабиятынын аксакал акындарынын бири. Анын ырларынан түзүлгөн ушул китеп 2018-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан биринчи жолу жарык көргөн. Котормочусу – Калмамат Куламшаев. Китеп акындын 80 жылдык юбилейине арналган.

      1.18. Kalbimin Dağları (Жүрөгүмдүн тоолору) – Кеңеш Жусупов.

      Кеңеш Жусупов – кыргыз адабиятынын аксакалдарынын бири. Анын кара сөз жана илимий изилдөө багытында көп сандаган китептери бар. Ал эми ушул китеп болсо, жазуучунун Түркияда жарык көргөн алгачкы аңгемелер китеби болуп саналат. Китептин котормочулары Калмамат Куламшаев жана Майрамгүл Дыйканбаева болуп, ТҮРКСОЙ тарабынан 2017-жылы жарык көргөн.

      1.19. Yaydan Çıkan Nağmeler (Жаадан чыккан күүлөр) – Бексултан Жакиев.

      Бексултан Жакиевдей залкарды кыргыз журтчулугунан тааныбаган адам аз болсо керек. Анын кыргыз адабиятына, искусствосуна салымы өтө чоң. Жазуучунун калемине таандык ушул китеп – биз билгенден, кыргыз адабиятындагы түрк тилине которулган алгачкы пьесалар жыйнагы. Китеп Калмамат Куламшаевдин котормосу менен 2016-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн.

      1.20. Köklerden Кanatlara Кadar (Тамырдан канаттарга чейин) – Кожогелди Култегин.

      ТҮРКСОЙ түрк элдеринин маданиятына, адабиятына, тарыхына жана искусствосуна байланыштуу көптөгөн иш-чараларды аткарып, өткөрүп келүүдө. Кыргызстан менен байланыштуу иштердин координатору – акын Кожогелди Култегин. Ал жалпы пландагы иштерди ийгиликтүү аткаруу менен бирге өзүнүн чыгармачылыгын да улантып келүүдө. Ушул китептеги ырлардын көпчүлүк бөлүгү Түркияда жазылганы менен айырмаланат. Бул эмгек – акындын Түркияда жарык көргөн алгачкы ырлар китеби. ТҮРКСОЙ тарабынан 2018-жылы жарык көргөн.

      1.21. Türk Dünyası Masalları Dizisi (Түрк дүйнөсүнөн жомоктор) – Мезгил Исатов.

      Мезгил Исатов тарабынан даярдалып которулган кыргыз жомоктор китеби Түрк дүйнөсүнөн жомоктор сериясынын курамында, «Гендаш» басмасынан 2004-жылы басылып чыккан. Кыргызстан эркиндигин колуна алгандан кийин алгачкылардан болуп которулган китеп болуу менен айырмаланат.

      1.22. Kırgız Masalları (Кыргыз жомоктору) – Зекерия Карадавут.

      Кыргыз элинин элдик маданий байлыктарынын бири – элдик жомоктор. Бир нече жомоктон түркиянын эл жомоктору менен болгон окшоштуктарды тапса болот. Ушул китеп Зекерия Карадавут тарабынан даярдалып, «Көмен» басмаканасынан 2006-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыздар,

Скачать книгу