Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 35

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

style="font-size:15px;">      Ушул сөздүк чөнтөк сөздүгү катары даярдалган. «Папирус принт» тарабынан 2017-жылы басылып чыккан. Сөздүк ушуга чейин жарык көргөн сөздүктөрдөн алгачкы чөнтөк сөздүгү болушу, көлөмү жана чоңдугу менен айырмаланат. Кыргызча жана түркчө сөздөрдүн кыска түшүндүрмөлөрү, түркчө антоним, синоним жана жер-суу аттары да камтылган.

      2.3. Cengiz Hanın Kayıp Defteri (Чынгыз хандын жоголгон дептери) – Арслан Койчиев.

      Ушул китеп, тарыхий-фантастикалык роман жанрында болуп, Арслан Койчиевдин калемине таандык. Автордун «Чынгыз хан жана бахшы» деген романынын котормосу. Ибрахим Түркхан тарабынан которулуп, 2018-жылы Бишкекте, «Турар» басмасынан жарык көргөн. Роман Чынгыз хан, анын урпактары жана СССР доорунда болуп өткөн окуяларды камтыйт. Романдын кыргызчасы 2015-жылы «Арча» сыйлыгына татыган.

      2.4. Isık Göl, Seni Sevdim (Ысык-Көл, сени сүйдүм) – Алыкул Осмонов.

      Алыкул Осмонов – кыргыз адабиятынын классик акындарынын бири. Анын ырлары тилекке каршы бөлөк тилдерге көп которулбай келе жатат. Алыкулдун ааламын Түркиялык окурманга тааныткан жана «акынды тааныйт элем» деген изилдөөчүлөргө арналган ушул китепке Алыкул Осмоновдун 120 ыры киргизилген. Китептин өзгөчөлүгү кыргыз тили менен кошо түркчө котормосу чогуу берилгенинде. «Имак офсет» басмасынан 2018-жылда Бишкек шаарында басылып чыккан. Котормочусу – Ибрахим Түркхан.

      2.5. Күн сайын адам болуу (Hergün İnsan Olmak) – Чыңгыз Айтматов.

      Бул китеп – Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалып чыгарылган, Айтматовдун басма сөздөрдө чыккан жана китептеринен алынган сөздөрүн камтыган «Айтматовдун асыл ой берметтери» аттуу китебинин котормосу. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналып которулган бирден-бир китеп болуу менен өзгөчө орунда турат. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү – Кыргыз жана түрк тилдүү болушу. Ибрахим Түркхандын котормосунда 2018- жылы Бишкекте «Имак офсет» басмасынан жарык көргөн.

      Корутунду сөз

      Бул макала илимий изилдөө максатында эмес, түрк тилине которулган адабий жана адабият менен байланышы бар китептердин колдон келишинче тизмесин даярдоого багытталган. Макалада көрүнүп тургандай, кыргыз тилинен түрк тилине которулган китептердин саны аябай аздык кылууда. Бир авторго таандык китептер аз. Ушул багытта иштеген туруктуу котормочулар өтө аз экени байкалат. Бирок которулганы менен китеп болуп чыкпай калган ыр жана аңгеме түрүндөгү чыгармаларды жана табылбай калган китептерди кошкондо мурункуга караганда кыргыз-түрк адабий байланышын өнүгүп келүүдө десек болот. Ушул которулган китептердин ар бири Түркияда кыргыз таанууга өзүнүн салымын кошот деген, ошондой эле кыргыз жана түрк окумуштуулары жана котормочулары боордош эки элдин адабий байланышын мындан ары да өркүндөтөт деген тилектебиз.

      Пайдаланылган адабияттар

      ABALI, İsmail, Bir Kırgız Masalı: Külbaaram ile Asan, Ankara: Sage Matbaacılık, 2017, 242 s.

      ARIKOĞLU, Ekrem, ALİMOVA, Cıldız, ASKAROVA, Rahat, SELÇUK, Bilge Kağan, Kırgızca -Türkçe Sözlük, C. I-II, Bişkek: Kırgızistan-Türkiye “Manas” Üniversitesi Yayınları, 2017, 2235 s.

      ARTIKBAYEV, Kaçkınbay, XX. Yüzyıl Kırgız Edebiyatı Tarihi, Çev. Mayramgül Dıykanbayeva, Ankara: Bengü Yay., 2013,

Скачать книгу