Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 39

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

Ашлар, Хусейин Шахан, Ышылай Ышыкташ Сава, Ибрахим Түркхан, Имдат Авшар, Инайетулла Азимов, Калмамат Куламшаев, Кемал Гѳз, Кенан Чарбога, Майрамбек Орозобаев, Майрамгүл Дыйканбаева, Мирланбек Нурматов, Мухиттин Гүмүш, Мустафа Ожакбеги, Нурабүбү Борсокеева, Нургүл Молдалиева, Нурлан Шеримбеков, Омор Мамбетоглу, Орхан Сѳйлемез, Ѳмер Күчүкмехметоглу, Рамазан Йигит, Рейхан Каркынчы, Сафа Кырвели, Салтанат Асанкожоева, Самет Азап, Тѳрѳбай Эшеналиев, Үлкү Ташлыова, Юсуф Гүмүш, Юсуф Демир, Элдар Орозалиев, Элиф Билге Акбаш, Чынар Абидинова Каражан, Фатих Кутлу жана Яшар Гүмүш.

      Абдрасул Исаков, Жаңыл Мырза Бапаева, Гүлзура Жумакунова, Халит Ашлар, Хусейин Шахан, Ибрахим Түркхан, Имдат Авшар, Калмамат Куламшаев, Кемал Гѳз, Майрамгүл Дыйканбаева, Мустафа Ожакбеги, Нурабүбү Борсокеева, Орхан Сѳйлемез, Ѳмер Күчүкмехметоглу жана Самет Азап сыяктуу кыргыз адабияты күйѳрмандары журналга котормо жиберүү менен чектелбей, ѳздѳрү да автор катары эмгектерин жарыялашкан.

      Журналдын мукабасында кыргыздарга тиешелүү ондон ашуун сүрѳт колдонулган. Чыңгыз Айтматов, Мукай Элебаев, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов жана Омор Султанов боюнча журналдын атайын сандарынын мукабаларына жазуучуларыбыздын сүрѳттѳрү басылган. Омор Султановго арналган атайын санында кыргыз сүрѳтчү Бейшенбек Жыргалбаевдин сүрѳттѳрү колдонулган. Андан сырткары журналдын 80, 98, 128, 141-сандарында кыргыздар менен байланыштуу сүрѳттѳр колдонулган.

      «Боордош калемдер» журналында Ала-Тоо, Чыгыш Түркистандагы кыргыздар, Махмуд Барскани, «Дивани лугати түрк», кызыр, Ысык Кѳл, Ысык Кѳл форуму, Кочкор, «Үркүн», репрессия, кыргыз тили, тарыхы, фольклору, билим берүүсү, музыкасы, киносу жана макал-лакаптары боюнча дагы макалалар жарыяланган.

      Аталган журналда «Бенгү» басмаканасында басылган кыргыздарга тиешелүү китептердин рецензиясы да орун алып келет. Мындан сырткары, Арслан Койчуевдин «Мисмилдирик», Асанбек Стамовдун «Хан Тейиш», Чыңгыз Айтматовдун «Жамила», «Биринчи мугалим», «Сардал кыз», «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», Роза Айтматованын «Тарыхтын ак барактары», Касымалы Баялиновдун «Ажар», Сүйүнбай Эралиевдин «Жылдыздарга саякат», Тѳлѳгѳн Касымбековдун «Сынган кылыч» жана «Келкел» чыгармаларынын рецензиялары жарыяланган. Журналда кыргыз жана түрк адабиятын салыштырып, изилдеген макалалар бар.

      Сөзүбүздү жыйынтыктай турган болсок, 12 жыл аралыгында кыргыздарга тиешелүү 25 китеп, 16 илимий макала, 527 ар кыл темадагы макала жарыялоо аркылуу ЕЖБ кыргыздардын жана кыргыз адабиятынын Түркияда таанылышына албан салым кошуп келүүдѳ. Кыргыз таануунун Түркияда жайылышына ЕЖБ тѳрагасы Йакуп Ѳмероглу жана «Боордош калемдер» адабий журналынын башкы редактору Али Акбаштын салымы зор десек жаңылышпайбыз.

      Библиография

      1. «Бенгү» басмаканасынан басылып чыккан кыргыздарга байланыштуу китептер

      1.1. ARIKOĞLU, Ekrem, ALİMOVA, Cıldız, ASKAROVA, Rahat, SELÇUK, Bilge Kağan, Kırgızca-Türkçe Sözlük, 2 cilt, Ankara: Bengü Yay.,

Скачать книгу